Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев мектебинин мугалимдери 25-мартта №1 мектептин чакыруусу менен спорттук оюндарга катышып келишти. Спорттук оюндар баскетбол, волейбол, шахмат, стол үстүндө тенис жана тогуз коргоол боюнча өттү.
Эжейлер баскетбол, воллейбол, тогуз коргоол оюндары боюнча күч сынашса, агайлар шахмат, стол үстүндө тенис жана тогуз коргоол оюндарын ойношту. Мугалимдер баскетболдон 2-орунду алып, ар бири медалга ээ болушушту. Мектептин шахмат ийриминин мугалими Эрмат Усубалиев медал жана кубок менен сыйланды.

Аталган мектептин директору Динара Жолдошбекова өткөн оюндар боюнча буларга токтолду:
— Агайлар жана эжейлер дагы өзүбүздүн тобубузду даярдап келип оюнга катыштык. Сокулук районунун аймагы боюнча волейболдон жогорку аймактан агайлар 1-орунду алышты, шахматтан жогорку аймак 1-орунду алды, Усубалиев агай шахмат ийриминин жетекчиси абдан жакшы оюнду көрсөтүп кубок жана медаль алды.

Мектептеги шахмат ийриминин жетекчиси Эрмат Усубалиев:
— Мугалимдер арасындагы спорттук таймаш абдан жакшы өттү, уюуштуруу иштери абдан жакшы болуптур. Баардык аймактан жакшы шахматисттер келиптир. Азыркы мезгилде шахмат өсүп-өнүгүп баратат, жакшы шахматисттер бар экен. Абдан сонун оюн болду, медаль кубок алып биринчи орунду алдым.