Афган согушунун жоокерлери Сокулук районундагы Жал айылында жайгашкан Рүстөмбек Мамыралиев гимназия мектебинин ачык сабагына катышты.
Афган согушу 1979-жылы 25-декабрында киргизилип 1989-жылы 15-февралда аяктаган. Афган согушунда ушул убакыт ичинде 620 миңдей советтик офицер согушта каза болуп, 15 миң жоокер көз жумуп, 54 миң жоокер жараат алышкан.
Кыргызстандан да 7141 тургун согушка катышып, болжол менен 300дөн ашуун адам каза болгон, 1500 жоокер жараат алган. Рүстөмбек Мамыралиев мектебинин окуучулары өз талантарын көрсөтүп, афган согушунун ардагерлерине атайын иш чара өткөрүп беришти.
Афган жоокери Айдарбек Батырбеков:
— Мен 1980-1982-жылы Афганистандагы экинчи чоң Гераб шаарына кызмат кылдым. Бул медалдарды Афган согушуна кызмат кылган үчүн актап беришкен.
Марат Рыскулов:
— Кыргызстандын жоокерлери 10 жыл кызмат кылып элин жерин коргоп келишти. Арабызда жоготуулар аябай көп болду. Медалдарды баатырлык кылган үчүн берилген. Афганистанда 1981-1983-жылга чейин кызмат кылып жүргөндө ошол жактан ыйгарылып берилген.
Калим Муратбек, Афган согушуна катышкан:
— Мен Рүстөмбек Мамыралиев мектебин бүткөндөн кийин 1984-1986-жылдары Шындат-керат шаарында кызмат кылгам. Кызматта Фарах деген дарыянын жээгинде аскер пехотасы болуп жүрдүм.
Даярдаган: Асел Эркинбек кызы
Редактору: Дастан Жаркымбаев
Сынак үчүн