Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Мамыралиев мектебинин англис тил мугалимдери биригип окуучулар менен декада өткөрдү.
Рүстөмбек Мамыралиев гимназия орто мектебинде англис тил декадасы өттү. Декада сабак түрүндө жана концерт катары да жүрдү. Декадага 3-класстан 11-класска чейин катышты.
Англис тил мугалимдери биригишип декаданы атайын окуучулардын аң сезимин жана кызыгуусун жогорулатуу үчүн өткөрүшкөн.
Гүлнур Мырзаева, англис тил мугалими:
— Биз ушул айда декаданын жыйынтыгы кылып сабак жана концерт өткөздүк. Бул концерте 3-класстан баштап 11-класска чейинки окуучулар катышты. Алар өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү, сценка коюшту, куурчактар менен англис тилинде сүйлөшүштү жана ырларды ырдашты.
Азимкүл Медетбекова, 34 жылдан бери англис тил мугалими:
— Бул декада балдардын аң сезимин жана сабакка болгон кызыгуусун арттыруу үчүн коюлду. Кичинекей класстарга абдан кызыктуу болду. Анткени биринчи жолу катышышты. Концерт эң эле жакшы болду деп айта алам. Анткени, мугалимдер жакшы даярдык көрдү. Эмки декада да мындан дагы жакшы аракет кылабыз деп ойлойм. Бул англис тили болгондуктан абдан аракетеништи деп айтсак болот.
Даярдаган: Асел Эркинбек кызы
Редактору: Дастан Жаркымбаев
Сынак үчүн