Быйылкы жыл «Тарых жана маданият » жылы болгондуктан Р.Мамыралиев мектебинде окуучулар арасында сармерден болуп өттү. Ага 8-9-класстардын таланттуу окуучулары катышышты.
Салтанатты мектеп жааматы уюштуруп, окуучулар арасында сармерден биринчи жолу болду. Бул саамалык Нооруз майрамына да туш келип сүмөлөк тууралуу маалымат айтып, башталды.
Илгертен келе жаткан салт боюнча Умай эне аластоо жөрөлгөсүн аткарды.
Кийин балдардан бирөө чыгып «Манас» айтып беришти.
» Манас » айткан балага жооп кылып талаттуу кыз комузда укмуштудай кол ойнотту.
Салтка айланып калгандай эле кыз-жигит болуп экиге бөлүнүшүп, жаңылмач, макал-лакап, табышмак айтуу менен башташты.
Андан соң оболонто созо ыр ырдашып улантышты.
Ар кандай бий бийлешип, бири-биринен өзгөчөлөнүштү.
Ыр жазган окуучулар жазган ырларын көркөм окуп беришти. Алар 8-класстын окуучусу Элдияр «Алыкул Осмоновго» арнаган ырын окуду.
Ошондой эле 9-класстын окуучусу Омуркан кем калбастан » Тоолор» жөнүндө ырын көркөм окуп берди.
Ошондой эле мектеп жетекчиси сөз суйлөп кетти.
Султаналиева Динара Жолдошбековна Р.Мамыралиев гимназия орто мектебинин директору
» Ардактуу,менин сүйүктүү окуучуларым,коллективдин атынан, өзүмдүн атыман чын дилден силерге ыраазычылык билдирем.Алдыда келе жаткан Нооруз майрамына карата баарыбыздын маанайыбызды көтөрдүңөр. Экинчиден уюштуруучу Тамара Сапарбаевнага ыраазычылык билдирем. » Эл ичи өнөр кенчи» дегендей биздин мектепте таланттуулар көп. Өнөрүңөрдөн тайбай, билиминерди чогуу алып, ыр жазганынар ырды улантып,өркүндөп өсө бергиле. Мындан ары да билимиңерге билим,өнөрүңөргө өнөр кошулсун. Ден соолугуңар бекем болсун! Ата-энеңер менен бир болгула! Ошондой эле Нооруз майрамынар менен куттуктайм. Тушоо кесүү сармерден башталды,демек бул улансын. » — деди.
Тамара Сапарбаевна тарых , адам жана коом мугалими.
«Мен уюштуруучу катары Нооруз майрамына карата сармерден өткөрүүнү чечтим. Сармерден 8-9-класстар арасында болду. Мен бул жарышка эң мыкты деген баа берем, анткени баары жандуу үн менен ырдап,бийлеп,өздөрүнүн даярдыктарын жаңылмач, табышмактарда да жакшы көрсөтүштү.
Айта кетсек, эки жака калыс болуу айылдын аксакалы Каратай ата жана кыргыз тил мугалимдери чакырылган. Таланттуу балдардын өнөрлөрүнө ыраазы болушуп корүүчүлөр шаңдуу үйлөрунө кайтышты.
Автор: Арслан кызы Эрмек, Сезим Мухтарбекова Марлен Бердигулов
Сынак үчүн