Бубузуура Мукараповна 45 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келет. Ал эми узчулук, чеберчилик өнөрүн 12 жашынан баштап үйрөнүп, азыркы учурда көптөгөн сыйлык граммоталардын ээси.
Аты аталган чебер айым узчулук өнөрдү чоң апасы менен өзүнүн апасынан үйрөнгөн. Ал кезде ал 5-класстын окуучусу болгон.
Өзүнүн апасы сайма сайганды үйрөтсө, чоң апасынан жүн тытып, чий чырмаганды, шырдак шырыганды үйрөнүп алган. Ошол өнөрүн таштабастан кийин улантып, кайра өркүндөтүп, көбөйтүп,илме сайма, басма сайма, шырдак, улуттук кийимдер ( калпак, чепкен, элечек, шөкүлө) жасайт.
Жазалган буюмдары сатыка чыгарбайт, анткени алардан пайда деле көртбөйт. Учурда жасаган нерселерин балдарына, небелеринин себине арнап жасайт.
Учурунда ПРООНдун программасы менен иштеген. Атайын жумушсуз,кыз-келиндерге жардам деген программага илинип калып, сайма боюнча айылдагы кыз-келиндерди 2-3 жыл окуткан. Ал учун ПРООН айлык төлөгөн, жана окугандарга стипендия тапшырган. Ал жерде мыкты өздөштүргөндор сертификаттарга ээ болушкан. Бирок үйрөнгөн айымдардын көбү уланткан эмес.
Бүбүзуура Ажымүдүнова мугалим, чебер айым.
“ Мына бул 20 жылдан ашты лентадан жасалган. Туштук кылып илуу үчүн жазалган оңуп кетти. Ачык түстө болчу, күнгө тийип жыртылып да калды алмаштыруудан көз кыйбайт.Түштөн мурун сабака барып келгенден кийин ,чарчап келем мектептен , жатып эс албайм булар менен алек болуп сайма сайсам эс алып калам. Жатсам ооруп калам, жата албайм. Илгертен бери келаткан илме сайма деген бул, илме шибеге менен сайылат. Чүпөрөктүн чекесин илип алып, айабай керип алып анан сайуу керек. Колго сайганда арбыбайт аа илме шибеге менен бат арбыйт. Бул өнөрдү үйрөнүп келечек муундарга калтыруу үчүн эч ким келип үйрөнөйун деберин эжени өкүндүрөөрүн” — айтты
Бүбүзуура Ажымүдүнова коптогон райондук, областык көрсөтмөлөргө катышкан. Айта кетсек
“ Манастын 1000” жылдык маарекесине белдемчи, аяк кап, чыны кап,чепкен, килем, сайма өңдүү буюмдарын алып барып,алар үчүн кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болуп кайткан. Элдик чеберлердин ар кандай конкурстарына да катышып , көптөгөн диплом ардак грамоталардын ээси болгон.
Мугалимдик кесибинде да бир топ диплом, грамоталарга татыган. Кыргыз Республикасынын билим беруу отличниги (1995), Министирликтин ардак грамоталары, дипломдору менен сыйланган.
Бүүузуура эженин бир кыз, үч уулу бар. Анын өнөрун балдарынын кыздары үйрөнүүнү каалайт. Азыркы учурда 4-класста окуган небереси үйрөнүп жатат. Эженин туулуп өскон жери Жумгал районунун Кызарт айылында 1946-жылы туулган. 1965-жылы Фрунзедеги медицина окуу жайын бүтүргөн. Андан кийин 1973-жылы азыркы Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин биология-химия факултетин аяктаган. Алгачкы ишин Ат-Башы районундагы Ленин атындагы мектепте баштаган, ал жакта 15жыл узурлуу эмгектенген. 1987-жылы Сокулук районунун Жал айылдык Р.Мамыралиев атындагы мектепте иштеген. Уз айым өнөрун окуучуларга да үйрөтүп “ Чий” ийримин уюштурган. Окуткан шакирттери Чуй обласы боюнча чырмаган чийлери боюнча биринчи орунду женип келишкен. Учурда пенсионер болсо да, Орок айылында 90 мектептебинде мугалим болуп иштейт.
Билимдүү, жана чебер айымдын колунан жаралган буюмдарды көргөндө суктанып, көз жоосун алат. Эжеге ден соолук каалоо менен , Кыргыз элинин узчулук өнөрү кылымдарга жашаса экен.
Автор: Арслан кызы Эрмек, Базаркулов Марлен, Мухтарбекова Сезим.
Сынак үчүн