Тасма айылында үрөн тазалоочу жай үч жылдан бери иштеп келет. Бул жайда талаага себилген арпа, буудайдын үрөнү тазаланат.
Үрөн тазалоочу жайды иштетип жаткан Өмүрбек Турсунбай уулу төмөнкүлөргө токтолду.
“Запты айыл өкмөттөн алгам, мурда айыл өкмөттүн балансында болчу анан мен алып оңдоп ишке киргиздим. Жаз-күз буудай, арпа, беде тазалайбыз. Тоннасын 350 сомдон тазалайбыз, кирешеси жакшы. Тетиктерине, майларына жумшайбыз андан калганын өзүм колдоном. Тетиктерин алдын-ала алып коём. Себеби бузулуп калса элдер күтүп калат. Кардарлар жазында көп болот”, — деп билдирди Турсунбай уулу.
Үрөн тазалоочу жай ачылганы жакшы жеңилдиктер болду, мурда башка жерге тазалатып келчүбүз дейт кошунасы Назарбек Молоев.
“Элдер да ыраазы жакшы тазалайт. Мурун Аралга, Түпкө, Сары-Дөбөгө барып тазалатчубуз, азыр айылдан эле тазалатып жатабыз. Жолго кеткен акчанын ордуна тазалатканыбыз үчүн акысын төлөйбүз”, — дейт Молоев.
Айыл тургуну Кылыч Курманбек уулу өз оюн мындайча баяндады.
“Буудай тазалоочу жай жакшы иштөөдө, баасы да канаатандыраарлык”, — деген оюн билдирди Кылыч Курманбек уулу.
Даярдаган: Алина Амантурова
Сынак үчүн
АА