Бишкектеги Өнуктүрүү саясат институту тарабынан каржыланып, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында «Жамааттык мультимедиаборборлор-жарандык коомдун өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө» аттуу семинар болуп өттү. Бул семинардын тренерлери -Жамааттык ЖМКлардын бирилигинин кызматкерлери болду, тактап айтсак, Бирликтин аткаруучу директору — Назира Жусупова, «Суусамыр ФМ» жамааттык радиосунун жетекчиси-Айзада Калканбекова жана «Ак кептер» мултимедиаборборунун координатору-Султаналы Чакчагаев. Катышуучулар эки областун айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери жана жамааттын өкүлдөрү болду.
Назира менен Айзада катышуучуларга жамааттык мультимедиаборбор деген эмне, республикада канча ЖМБ бар, алар кантип иштешет, алардын миссиялары, ЖМБ да ким иштей алат жана ошондой эле мекенибиздеги массалык маалымат каражаттары жөнүндө айтып беришти.
Жана ошондой эле катышуучуларга андроид телефондорунда жайгашкан «Голос Айыла» деген колдонмо менен, твитти алуу жана жиберүү ыкмалары менен практикалык түрдө тааныштырышты.
Ал эми «Ак кептер» ЖМБ сынын координатору Султаналы Чакчагаев Жайыл районундагы «Ак кептер» ЖМБ сынын иши тууралуу презентация тартуулап, медиаборбордун айылдын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө кандай жардамы тийип жатканы тууралуу айтып берди. Семинардын эң кызыктуу бөлүгү-тренерлердин жетекчилиги менен радиорепортаж жасап, аны сайтка жайгаштыруу болду. Семинардын катышуучулары менен бирге 8 репортаж жасалып, сайтка коюлуп, кайра эле катышуучуларга уктурулду.
Семинар кызыктуу жана катышуучулар үчүн эң эле пайдалуу болду. Ал жөнүндө катышуучулар өз сөздөрүндө айта кетишити да, тренерлерге чоң ыраазычылыктарын билдиришти. Мына ошентип семинар аяктап, буюрса дагы 10 ЖМБ биздин катарга кошулган турат.