Мындай акциялар балдар үйүндө тез-тез өтүлүп келет, бул тууралу аталган жердин жетекчилиги билдирди
Уч-коргон жаштар борборунун ыктыярчылары алтын күз майрамын өткөрүштү, мында жаштардын демилгеси менен кайрымдуулук акциясын уюштурушту. Бул акцияда ыктыярчылар өздөрү күзгү мөмө жемиштерди чогултуп Уч-Коргондо жайгашкан балдар үйүнө тартуулашты. Ал жерде ыктыярчылар тарабынан концерттик программалар, кызыктуу оюндар болуп өттү.
Ыктыярчылар демилгеси менен кайрымдуулук акциясын мындан кийин да өткөрүп турууну сунушташты. Ал жердин кышка анчалык даярдыгы болбогондуктан Уч-Коргон жаштар борбору өздөрүнүн жардамдарын бергенге даяр экендигин кошумчалашты. Жыйынтыгында флэшмоб менен аякталды.
Балдар үйүнүн жетекчисинин билдиришинче мындай иш чаралар көңүлү жарым балдардын өксүк көңүлүн аз болсо да көтөргөнгө жардамын берет. Айыл өкмөттөн да көп жардамдар берилип келерин жана мындай иш чаралар көптөгөн уюмдар тарабынан тез-тез өткөрүлүп турарын билдирди.
Дастан Уч-коргон жаштар борборунун волонтеру болуп иштеп келет. «Бул балдарга жардам берсек биздин да көңүлүбүз көтөрүлөт, буга чейин да ар кандай жардамдарды берип көптөгөн иш чараларды өткөрүп келгенбиз», дейт ал өз сөзүндө.
Айдана да аталган жаштар борборунун ыктыярчысы. « Менин ойумча жакшылык жерде калбайт, биз ушуну менен чектелбейбиз дагы алдыда пландарыбыз бар буйурса ишке ашат деп ойлоймун»
Даярдаган: Арипов Атабек