Токтоян айылында бир гана мектеп бар. Бирок ал мектепте спорт залы жок. Спорт залдын жоктугунан дене тарбия сабагын сыртка же класска өтүүгө дуушар болушат.
Окуучулар спорт аянтчасындагы карды озулору куроп, ошол жакта валейбол жана баскетбол оюндарын ойношот. Жаан-чачында жана кышында бизге дене тарбия сабагын оту ото эле кыйын. Кун жылууда мектептин спорт аянтчасындагы карды куроп алып сыртка, ал эми суукта класска отобуз» -дейт 10-класстын окуучусу Жандос Шаршеев.
«Райондук жана аймактык болуп туруучу кышкы мелдештерде даярдыгыбыздын жоктугунан орундарга ээ боло албай калабыз», — дейт баскетбол оюнчусунун бири Гулдана Нурланова. «Биздин айылда кышкысын шамал болуп, кар калың жаайт. Баскетболду сыртка да ойной албай калабыз. Ошол себептен айылдар арасындагы мелдештерге көбүнчө барбайбыз, катышсак дагы алдыңкы орундарды ала албайбыз,»-дейт ал.
Дене тарбия мугалими спорт залдын жоктугу көптөгөн көйгөйлөрдү жаратаарын айтты. «20 саат шахмат жана тогуз коргоол оюнун ойногонго бөлүнгөн. Ушул 20 саат сабакты кышында өтүүгө туура келет» -дейт Нурлан Молдогазиев.
Мектеп директору спорт зал куруу башынан эле планда бар болгон. Бирок качан курулаары белгисиз экендигин билдирди. «Айылыбызда спорт зал жок. Спорт зал салынса жакшы болот эле. Окуучулар дагы убактысын спортко бурмак», -деди Калык Албанов.
Айыл башчы Атабек Албанов спорт залдын жоктугунун бирден-бир себеби айыл тургундарынын анын ичинен окуучулардын саны аздыгынан деп айтты. «Айылда 2000 ден ашык адам бар. Мектеп окуучуларынын саны 351. Ошого байланыштуу спорт зал куруу иши карала элек», -деп билдирди.
Мектеп окуучулары айылга спорт зал курулуп, жаан-чачында, кышында сыртка эмес, ошол спорт залда ойнойбуз деген үмүтүн үзүшпөйт.
Даярдагандар: Гулжан Нуркасым кызы, Алишер Кудайбергенов.