22-февраль күнү Жамааттык ЖМКлар Ассоциациясынын аткаруучу директору Назира Жусупова жана kyrgyzmedia.kg сайтынын башкы редактору Айзада Калканбекова “Ала Тоо” университетине барып, журналистика факультетинин студенттерине лекция өтүштү.
Студенттер Кыргызстандагы жамааттык медиалар, алардын ишмердүүлүгү, түзүлүшү, контент жасашы тууралуу кененирээк маалымат алышты.
Жолугушууда “Ала Тоо” университетинин ректору Эрдолатов Санжарбек менен кызматташуу меморандумуна эки тараптуу кол коюлду.