Германиянын Бонн шаарында 13-15 март күндөрү “Кризистик коммуникациялар” долбоорунун жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Ага Жамааттык ЖМКлар бирлигинин аткаруучу директору Назира Джусупова жана Жамааттык медианын журналисти Айгерим Кубатбекова катышты.
Долбоор 5 мамлекетте Кения, Молдова, Замбия, Монголия ишке ашырылган. Кыргызстанда аймактардагы жамааттык мультимедиа борборлор Кочкор, Кара- Суу, Чолпон, Төлөк ЖМБ борборлору андан сырткары Бишкек шаарында 2 журналист катышып баалардын өсүүсү, финансылык сабаттуулук боюнча материалдарды даярдашкан. Материал даярдоодо кабарчы, журналисттерден сырткары жарандык активист, жергиликтүү бийликтин бир өкүлү жана экономика боюнча адис бирге иш алып барышкан.
«Биз үчүн конференцияга катышып келгенибиз өтө пайдалуу болду. Анткени 5 өлкөнүн медиа жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү энергетика, саламаттыкты сактоо, экономика кризистери тууралуу маалымат берип, аталган каатчылыктан кантип чыгып жаткандары менен бөлүшүп жатышты. Мындай тажрыйбалар абдан керек, анткени пандемия, Украинадагы согуш дээрлик дүйнө жүзүнө каатчылыкты алып келди. Андан чыгуу үчүн көптөгөн тажрыйбалар керек», деп Назира Жусупова ою менен бөлүштү.
Кыргызстанда долбоор канчалык максатына жеткени туурасында билүү үчүн Нарын облусунун Кочкор районунда www.kyrgyzmedia.kg сайтынын окурмандары арасында аудиториядан фокус -группа өтүлгөн. Ага айыл тургундары, жарандык активисттер, жергиликтүү кеңештин депутаты, мектеп мугалимдери жана жергиликтүү ишкерлерден турган 4 группа катышып, ар бир топто 5 катышуучу 30-60 жашка чейинкилерди түздү.
Маектин жыйынтыгында окурмандар арасында маалыматтулук жогорулап, болуп жаткан кырдаалды түшүнүп айрымдары ага жараша чечимдерин өзгөрткөнүнө күбө болдук.
Кыргызстан Борбор Азиядагы Жамааттык медиалар иштеген биринчи жана азырынча жалгыз өлкө. Анын негизги максаты — алыскы аймактардын калкынын маалыматка жетүүсүн жакшыртуу.
“ Акыркы учурларда биз кризис жана баалардын өсүүсү боюнча даярдалган материалдарды окуп калдык. Албетте, бул ар дайым актуалдуу, анткени биз ар дайым бааларды сатуучулар белгилейт деп ойлогонбуз. Бирок, материалды окуп чыккандан кийин, биз баа көптөгөн факторлорго көз каранды экенин түшүндүк жана сатуучуларды күнөөлөп жаман көрбөй калдык. », — деп белгиледи катышуучулардын бири.
Долбоордун алкагында даярдалган материалдарга карата жарандар мурда бул сыяктуу маалыматтарды сейрек болсо дагы окуп келишкенин бирок, ал жалпы өлкөгө байланыштуу болгонун айтышты. Жамааттык медиалар даярдаган материалдарда аймактын өзгөчөлүгү эске алынуу менен бардык чыгымдар, мүмкүн болуучу тобокелдиктер, бул көйгөйлөрдүн кесепеттери кандай болушу мүмкүн экенин, же бул кризистин коомго тийгизген таасирин эсептеп чыккан материалдарды даярдашкан.
“Жайыт акынын минималдык баасы бекилди” деген макаладан кийин айылда кызуу талкуу болуп, жайыттарды да коргоо керек экенин түшүндүк. Бул материалдын негизинде айылда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу болуп, алар кошуна айылдан да келишкен. Эми Соң-Көл жайлоосунда малды жайлоодо тейлөөдө сандан сапатка өтүү маселеси да талкууланууда. Эми «Соң Көл» коомдук мультимедиа борбору менен биргеликте чабандар менен бир катар жолугушууларды, талкууларды өткөрүүнү пландап жатабыз», — дейт айыл тургуну Мелисбек Жумалиев.
Ушул сыяктуу бааларды өсүүсү жана финансылык сабаттулуук боюнча жалпы 34 материал даярдалды. Долбоорду Deutsche Welle академиясы ишке ашырып BMZ уюму каржылык колдоо көрсөткөн.