Кыргызстандын жамааттык медиаларынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу салты боюнча Жамааттык ЖМКлар Ассоциациясы жыл сайын отчеттук конференция уюштурат.
2024-жылдын жыйынтыгы, эл аралык уюмдардын жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырылган долбоорлор, жетишилген ийгиликтер тууралуу маалыматтар конференцияда бөлүшүлдү. 2025-жылга карата пландар жана перспективалар да талкууланды. Иш-чара Бишкек шаарында, 21-ноябрда болуп өтүп, 27 жамааттык медианын жетекчилери жана улуттук өнөктөштөр катышты.

Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин аткаруучу директору Назира Жусупова

«Ачык өкмөт»ч долбоорунун катышуучулары панелдик талкуу учурунда
Конференциянын ачылышында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Сарногоева Салкын жамааттык медиалардын маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул медиалар жергиликтүү тургундарды маанилүү маселелерди чечүүдө активдүүлүккө чакырарын, сөз эркиндигин өнүктүрө турганын жана жергиликтүү бийликке жергиликтүү тургундар үчүн маанилүү маалыматтарды жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирди.

«Медиа мектеп» долбоорунун катышуучулары панелдик талкууда
Кыргызстандын жамааттык медиалары 15 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп, жергиликтүү тургундарга өз ой-пикирин билдирүүгө жана маалымат бөлүшүүгө шарт түзүп, сөз эркиндигин өнүктүрүүгө салым кошуп келет. Жамааттык медиалар — бул жергиликтүү коомчулуктун үнү жана ачык, жоопкерчиликтүү башкарууга көмөктөшүүчү инструмент.

2025-жылга карата план иштелип чыкты

Конференцияда жергиликтүү мүнөздөгү онлайн жана аудио программаларды даярдоого активдүү катышкан жамааттык кабарчылар сыйланды. Ошондой эле, «Сак Бол» түз эфиринин активдүү спикерлерине ыраазычылык каттары тапшырылды. Бул эфирдин алкагында бир жыл ичинде оорулар боюнча маалыматтык коопсуздук темалары жайылтылган.


«Сак бол» программасына активдүү катышкан дарыгерлер

Жыл ичинде активдүү иштеген ыктыярчылар сыйланды
«2024-жылдын мыкты жамааттык медиасы» конкурсуна үч жамааттык медиа жеңүүчү деп табылып, алардын жетекчилери ишин өркүндөтүүгө багытталган ноутбук жана смартфон сыяктуу материалдык жардамдарды алышты.

«Мыкты жамааттык медиа 2024» конкурсунун жеңүүчүсү Ак-Бакай медиа борбору. Жетекчиси Азем Кудуева

«Мыкты жамааттык медиа 2024» конкурсунун жеңүүчүсү Тогуз-Торо FM жамааттык радиосу. Жетекчиси Анара Мааметова

«Мыкты жамааттык медиа 2024» конкурсунун жеңүүчүсү Тун-Ук медиа борбору. Жетекчиси Гүлбарчын Мамытбекова

Видео материалды көрүңүз:
https://youtu.be/MqxqhXaYOp8?si=idZDbVMA1IGMjcQ0