2024-жылдын 19-20-ноябрында Бишкек шаарында «Ачык өкмөт»долбоорунун жыйынтыктыктоочу иш-чарасы өттү.
Иш-чарада катышуучулар өздөрүнүн баштаган демилгелеринин жыйынтыктарын чыгарды, жетишкендиктерин аныкташты жана келечектеги өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти.
Жолугушуунун негизги максаты долбоордун алкагында түз эфирлерди жана социалдык медианы алып баруу жергиликтүү бийлик менен калктын ортосундагы диалогду жакшыртууга кандайча жардам бергенин талдоо болду.
Иш-чарада суроо-жооп карталары сыяктуу жыйынтыктоочу медиа материалдар, ошондой эле көтөрүлгөн темалардын негизинде түзүлгөн инфографика сунушталды.
Акимиаттардын өкүлдөрүнөн, райондук администрация башчыларынан жана журналисттерден келген кайтарым байланыш программанын күчтүү жактарын жана аны жакшыртуу боюнча сунуштарды аныктоого жардам берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө түз эфирлерди кеңейтүү жана социалдык тармактарда активдүү болуу, медиа өнөктөштөр жана башка уюмдар менен кызматташууну кеңейтүү боюнча кийинки кадамдар
белгиленди.
Долбоорго катышкан медиа борборлордун катарында Тун-Ук, Невакет, Тогуз-Торо FM, Талас FM, Ооган-Талаа, Барскоон жана Ак-Бакай сыяктуу радиостанциялар жана уюмдар болду. Бул тажрыйба алмашуу долбоорду туруктуу өнүктүрүү үчүн жаңы стратегияларды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берди.
«Ачык өкмөт» долбоору Кыргызстандагы Фридрих Эберт фондусунун колдоосу менен ишке ашырылды.