Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбаб айылында жаңгак фестивалы болуп өттү.
Мектептер арасында болуп өткөн фестивалга он мектептин өкүлдөрү катышты.
Ар бир мектептен келген окуучулар өздөрүнүн чатырын жаңгактан жасалган тамактары, тарткан сүрөттөрү жана гербарийлери менен жасалгалады.
Андан тышкары иш-чарада ар түрдүү оюндар ойнолду.
Фестивалдын уюштуруучусу Алина Фасе:
— Бул фестивалдын негизги себеби жаңгак болду. Ошондуктан бул фестивалдын аталышы «Жаңгак фестивалы» деп аталды. Бул фестиваль мектептер үчүн эле эмес элдер үчүн деле болду. Алар өздөрүнүн кол өнөрчүлүктөрүн көрсөтүштү. Ушул фестивалга катышып берген окуучуларга, элдерге чоң рахмат!
«Бул фестивалды буйруса кийинки 2018-жылы да өткөрөбүз деген ой-максаттарыбыз бар», — деп кошумчалады Фасе.
Даярдаган: Адилет Канат уулу