Мектепти аяктаганда улан-кыздар окуганга, иштегенге, келечегин жакшыртууга аракет кыла башташат. А.Табалдиев атындагы орто мектебинин физика сабагынан берген мугалим Мээрим Калыкова төмөндөгүлөрдү айтып өттү.
— Мен тандаган кесибим — мугалим. 2009-жылдан бери Табалдиев атындагы орто мектепте эмгектенем. Мен үчүн жан дүйнөсү таза окуучулар менен иштөө, аларга физика сабагын окутуу жана тарбия берүү абдан жагат. Мугалимдик кесип мен үчүн ардактуу кесип!
Ал эми 11-классынын окуучусу Мээрим Жумабекова мындай деди:
— Мен келечекте журналист болгум келет. Өзүм саясатка аябай кызыгам. Журналист болуп көп нерселерди үйрөнүп, чет мамлекеттерди кыдыргым келет. Учурда ЖРТга кызуу даярданып жатабыз.



Ал эми Бакай келечекте дене-тарбия мугалими болуп, бардык муундарды спортко үндөп, спорт жаатын өнүктүргүсү келет.
9-классынын окуучусу Таалайбек уулу Бердибек төмөнкүлөрдү билдирди:
— Мен 11-классты бүтүп электрик жагына тапшырам. Келечекте электрик болгум келет.
Ар бир окуучу өзү каалаган кесибине ээ болуп, Кыргызстанга чоң салымын кошот деген үмүттөбүз.
Даярдагандар: Гулипа Амангелдиева, Нурай Эсенгулова