Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы Кесиптик лицейде театр курууга акча каражаты жок болгондуктан, жарактан чыккан эски жылуулук берүүчү имарат реконструкцияланууда.

Кесиптик лицейдин окуу корпустарын, жатакана, ашканасына жылуулук берүүчү борбордук от жаккан имараты 1996- жылдан бери иштен чыккан.
Жаңы-Жер айылында жайгашкан 43-кесиптик лицей 1979- жылы курулган. Лицейде жалпысынан 4 кабаттуу эки имарат жатаканасы, 2 кабаттуу окуу корпусу, 500 орундуу ашкана, 2 чоң устаканасы жана окуучулар үчүн мончосу бар. Ал эми ошонун бардыгына жылуулук берүүчү борбордук от казандары орнотулган өзүнчө имарат болгон. Бирок ал жер, Совет доорунан кийин 1996-жылдары иштен чыгып калган. Ошондон бери кароосуз калган эски имаратты, быйылкы жылы лицейдин жалпы жамаатынын демилгеси менен театр кылышууда.

Оңдоо түзөө иштери башталды
43-кесиптик лицейдин башкы эсепчиси Гулмира Бикиеванын айтуусу боюнча: «Биздин лицейдин базасында бардыгы бар, бирок окуучулар үчүн актовый зал жок. Лицейдеги иш- чаралар жана майрамга карата концерттик программалар кышкысын спорт залда болсо, жайкысын эшикте ачык асман алдында өтөт. Театр салуу биздин лицейдин жетекчиси Бактыгүл Жусупованын илгертен берки изги тилеги. Бактыгүл Жусупова окуучуларга театр салуу үчүн көп жерлерге кайрылып инвесторлорду издеди, долбоорлорду жазды.
Акыры эч жактан жардам жок, майнап чыкпагандыктан коллектив менен жыйын өткөрүп, иштен чыккан ушул имаратты реконструкциялоо менен театр куралы деген сунушун ортого салды. Жалпы жамаат бул демилгени колдогондуктан, иш тез арада эле башталып кетти. Ошентип акча каражатынын тартыштыгынан окуучуларга ушул эски жылуулук берүүчү эски кочегарканы театр кылууну чечтик.»

Кесиптик лицейдин Окуу бөлүмү боюнча директордун орун басары Асира Назарматова:

«Лицейде кесиптик багытта окуган окуучулар, өлкөнүн жети дубанынан келип окушат. Андан сырткары атайын ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар өз жөндөмдөрүнө жараша кесипке үйрөнүшөт. Ошондой эле томолой жетим, социалдык шарты оор үй-бүлөнүн балдары дагы келип окушат. Мына ошол окуучулар арасында таланттуулар көп чыгат. Театр болсо деген ар бир окуучунун кыялы эле. Буга чейин устакананы театр жасап алып колдонушчу. Кийин ал жер 2018-жылы, АБР дин каржылоосу менен келген долбоордун алкагында машиналарды техникалык жактан тейлөө борборү(автосервис) курулуп, окуучулар театрсыз калышкан.»

Турсун Омуралиева