Ак-Талаа районундагы Н.Кулназаров атындагы тармактык китепканада жарандык жана санариптик билим берүү борборунда биринчи окуу болду. Аны аймактык шайлоо комиссиясынын системалык администратору Элзат Ырысбек кызы өтүп, китепкана кызматкерлери катышты.
“Билим берүү борборунун негизги максаты жарандардын шайлоолор жөнүндөгү маалымдуулугун жогорулатуу аркылуу калктын укуктук маданиятынын деңгээлин жогорулатуу, санариптик көндүмдөрүн жайылтуу жана өркүндөтүү болуп саналгандыктан ар кандай окутуулар, жолугушуулар өткөрүлүп турат. Бул биринчи жолку окууда жарандар Түндүк электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталына кирип, жарандар өздөрүнө керектүү маалыматты кантип алуу керектигин үйрөнүштү”,- дейт.
Эске салсак, Кыргызстан боюнча мындай билим берүү борборлору өлкө башчысы Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда ачылып, 6-сентябрдан баштап иштей башаган. Учурда өлкө боюнча китепкана жана жаштар борборлорунун базасындагы мындай 70 санариптик билим берүү борбору онлайн режимде иштейт.
Барчын Мамытбекова