Талас райондук Үй- бүлөлүк медицина борборунун ден соолукту чыңдоо бөлмөсүнүн адистери коронавирус жаңыдан башталган учурдан тартып коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзө башташкан. Андан бери арадан 9 ай өттү. Биринчи карантин мөөнөтү учурунда тынымсыз иштеген ден- соолукту чыңдоо бөлмөсүнүн адистери таажы ылаңынын экинчи толкуну болуп жаткан азыркы мезгилде кайрадан маалымат компанияларын улантууга мажбур болушканын айтышат.
«Биз учурда Талас районун аймагында эл ташып иштеген айдоочуларга, мекеме-уюмдарда иштегендерге, дүкөн, тамактануучу жайларды иштеткен жеке ишкерлерге түшүндүрүү иштерин кайрадан баштадык.
Оору жаңы башталганда жалаң бет кап кийгиле, колуңарды жуугула, антисептикти колдонгула деген түшүндүрүү иштерин жүргүзчүбүз. Азыр эми шартка жараша эл көп топтолгон жерлерге, той-аштарга, куран окутулган жерлерге барбаңыздар деп оорунун кантип адамдан адамга жугарын айтып түшүндүргөнгө аракет кылабыз», -дейт ден соолукту чыңдоо бөлмөсүнүн адиси Магира Кутушбекова.
«Биздин Айылдык ден- соолук комитеттери айылдардагы жамааттардын вотсап номерлерин билишет да, биз түшүндүрүү иштерин сабак түрүндө өтүп, видеого тартып комитет мүчөлөрүнө жөнөтөбүз, алар элге таратат.
Ушундай аралыктан түшүндүрүү, маалымат берүү менен алекпиз.
Ал эми Үй- бүлөлүк медицина борборунун ден соолукту чыңдоо бөлмөсүнүн дагы бир адиси Гүлбү Бешкемпирова Талас районундагы айылдарга эл ташыган таксисттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Талас районунда 13 айыл өкмөтү, 25 айыл бар. Бул айылдарга эл ташыган таксисттер менен сүйлөшүп, “Бет капсыз жүрбө!”, “Бет капсыз таксиге түшпө!” деген плакаттарды таксисттердин машиналарына чаптап чыктык.
Мындан тышкары 25 айылдагы ири, орто жана майда соода түйүндөрүнө барып, жеке ишкерлер менен жолугуп, дүкөндөрдүн эшигине, терезелерине “Бет капсыз киргенге болбойт!” деген плакаттарды илдик», -дейт Гүлбү Бешкемпирова.
Ошондой эле, Үй бүлөлүк медицина борборунун ден- соолукту чыңдоо бөлмөсүнүн адистери тарабынан Талас райондук мамлекеттик администрациясынын, салык инспекциясынын, почта бөлүмдөрүнүн, облустук мамлекеттик архив мекемесинин, “Түндүк электр” ишканасынын жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине, айыл өкмөттөрүнө коопсуздук эрежелери жазылган атайын брошюралар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Обвервация жана күндүзгү стационарлар кайрадан иштей баштады
Мира Сейдикеримова