Токтогул районунун Терек-Суу айылында айылдык ден-соолук комитетинин (АДК) төрайымы Анаркан Касымбекова ыктыярчы болуп иштеп, айыл элинин ден-соолугуна кам көрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Акыркы убакта сасык тумоо, кызамык оорулары күчөгөнүнө байланыштуу ал тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жана ошондой эле мектеп менен байланышып, окуучуларга 1-декабрь “СПИД — коркунучтуу дарт”- аттуу темада мугалимдер менен биргеликте түшүндүрүү иштеринин жүргүзүлүп жатканы тууралуу кабарлады.
АДК — бул айылдык ден-соолук комитети ыктыярчылардын бирикмеси. Коммерциялык эмес бейөкмөт уюм. Айылдык ден-соолук ассоциациясы 1910-жылы 17-марта негизделген. АДК айылдагы элдин ден-соолугуна кам көргөн ыктыярчылардан турат. Айылдагы элдин ден-соолугун, санитардык абалын жана тиричилик шарттарын жакшыртуу үчүн багытталган.
2012-жылы биз айылда өзүбүзчө 12 ыктыярчы иштеп баштадык. Биз биринчи ишти адамдарды ичип аткан тузунан текшерип баштадык. Туздардын составындагы йодду атайын аппараттын жардамы менен текшердик. Ар бир үйгө, дүкөнгө кирип туздагы йоддун составын аныктап жаттык. Жыйынтыгында береке тузунун сапаты жакшы болуп чыкты, — дейт Анаркан Касымбекова.
Жугуштуу оорулар эхинококкоз, альвеококкоз тууралуу дагы түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Жыл сайын өтүп атайын элге баракчаларды таркатып, түшүндурүү иштерин жүргүздүк. Эхинококкоздун алдын алуу учун Токтогулдагы ветеринардык клиника менен сүйлөшүп, иттерге дары берүүнү сүйлөштүк. Жыйынтыгында иттерге эхинококкоздун алдын алуу үчүн жана кутурма оорусуна дагы дары берилди. Биз ыктыярчылар ооруканалар менен дагы тыгыз байланышта иштейбиз.
Биз АДК мүчөлөрү айылдык дарыгерлер менен тыгыз иш алып барабыз. Кош бойлуу келиндерди учётко алабыз. Учётко тура элек болсо дарыгерлерге билдирип турабыз. Кош бойлуу келиндердин туура тамактануусун, коопсуз энелигин, анемия менен ооругандардын тизмесин аныктап турабыз. Жаңы төрөлгөн ымыркайдын тизмесин алты айга чейин, алты айдан 2 жашка чейин алып турабыз. Кошумча тамак берип баштаганда балдарга кантип туура тамак берүү керек экендигин айтып түшүндүрөбүз. Маалымат баракчаларын таратабыз. Баланы туура эмизүү, 2 жашка чейин толук кандуу эмизүү керек экендигин түшүндүрөбүз.
Айылдык ден-соолук комитетинде кээ бир мүчөлөрдүн иштеп жатканына 10 жылдын жүзү болду. Аларга эч кандай акы төлөнбөйт. Айлык төлөнбөгөндүктөн кээ бир ыктыярчылар иштен чыгып кетишкен.
Мен жылына мектеп окуучулары менен жугуштуу оорулар жана сасык тумоо ооруулары жөнүндө класс жетекчилер менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келем. Азыркы убакта жаштар арасында кеңири тарап жаткан электрондук тамекинин зыяндуулугун баса белгилеп айтып, буга көбүнчө кыз балдардын тартылуусу өкүндүрөт. Келечекте эне боло турган кыздарыбыздын келечеги ойлондурат. Ошону менен бирге тамеки, насвай, клей жыттаган балдар кыздардын саны көбөйүүдө. Жаш өспүрүмдөргө канчалык зыян экенин айтып түшүндүрүп баракчаларды таркатып келүүдөбүз, — дейт АДК мүчөсү.
Дилде Таалайбекова, Эльбина Аттокурова, Азема Кудуева.