Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында «Зордук-зомбулуксуз 16 күн» аталыштагы иш чара өткөрүлдү. Иш-чара Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан бекитилип, соц. кызматкерлер, аялдар кеңеши, маданият кызматкерлери, мектеп жамааты жана ата-энелер менен биргеликте иштер жүргүзүлдү. Иш-чара социалдык кызматкерлер тарабынан даярдалган «Зордук-зомбулукка жол жок!» аттуу доклад менен башталып, суроо жооптор менен коштолду.
Иш-чаранын катышуучулары
«Азыркы учурда айыл ичиндеги тазалык өтө начар, таштандылар көп ыргытылат. Көчөдө желим баштыктар, памперс, кагаздар ачык эле жерде жатат. Таштандыларды ар бир үй-бүлө мүчөлөрү үйүнөн чогултуп, сыртка чыгарбай сорттоп коюшу шарт. Азыркы күндө мигрант ата-энелердин балдары, алардын коопсуздугу, зордук-зомбулукка кабылышы бул өтө көйгөйлүү маселе, зордук-зомбулукту алдын алуу иш-чаралары көрүлүп, соц. адистер иш алып барууда. Мигранттардын балдарына мээримдүүлүк менен камкордук керек. Ар бир бала камкордука алынса, зордук-зомбулукка жол бербесек»-, деген чакырыктар менен Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн катчысы Жылдыз Эсенбекова сөзүн жыйынтыктады.
Үй-бүлөдөгү зордук- зомбулук, ысырапкерчиликти азайтуу, нарк-насил жөнүндө маселелерге токтолуп ата-энелер менен бул маселелер кызуу талкууланды.
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн катчысы Жылдыз Эсенбекова
Токтогул районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө, балдарды коргоо адиси Кундуз Сайдылдаева «Зордук-зомбулукка жол жок!» — деген темада доклад окуп, энелерге кайрылуу жасады:
«Зордук -зомбулукка кайдыгер карабай, бирге токтотконго аракет жасайлы. Көп учурда зордук-зомбулукка кабылган адамдар көз жаздымда калып кетип жатат. Зордук-зомбулук көргөндөр үчүн атайын мыйзам бар. Ачыкка чыгып айткандан уялып жатсак, бизде 111-117 номерлерге кайрылып, акысыз юристтерден, психологдордон консультация алса болот»
Үй-бүлө, балдарды коргоо адиси Кундуз Сайдылдаева
Аттокурова Эльбина, Асема Таалайбекова