Кочкор районунун Чолпон айылында жаз мезгили башталгандан бери жаш балдардын арасында чүкө оюну өтө актуалдуу болууда. Айылдын кайсыл гана жагын караба бул оюнду ойноп жаткан өспүрүм балдарды көрүүгө болот.
Кыргыз эли каада-салты, маданияты менен гана башка улуттардан айырмаланбастан, улуттук оюндары менен дагы өзгөчөлөнүп турат. Мына ушундай оюндардын бири чүкө атмай. Ал муундан-муунга өтүп ойнолот. Бүгүнкү күнү аны көп ойношпойт деп айтуу туура эмес. Себеби азыркы мезгилде айыл-кыштактарда жашаган жаш муундардын чүкө оюнуна болгон кызыгуусу күчөп жатат. Мисалы, Чолпон айылында улуу-кичүү дебестен ойношуп, аларды ар бир көчөдөн кездештирүүгө болот.
Бул тууралуу Чолпон айылынын тургуну Эсенбек Дүйшеев өз оюн айтып өттү:
«Бул байыртадан келе жаткан оюн. Илгертеден эле биздин ата-бабаларыбыздын баардыгы ойноп келишкен. Мурун чоңдор чогулушуп, абалак менен ордо оюнун ойношчу. Ал эми балдар болсо үч тапан ойношоор эле. Чүкө оюнунун көп түрү бар. Аларды эч санап бүтпөйсүң. Азыркы учурда мен көчөлөрдөн бул оюнду ойноп жаткан балдарды көрүп, аябай кубанам. Себеп дегенде чүкө атмай оюну кылымдан-кылымга, муундан-муунга өтүп, уланып келе жаткан оюн болгондуктан аны ар бир жаш муун билүүсү кажет. Ошондой эле аны спорттун бир түрү деп атасак деле туура болот. Себеби бул учурда адам баласы көп кыймыл жасайт. Жана анын балдарга тийгизген пайдасы өтө чоң. Анткени ал ден-соолукка дагы пайдалуу. Бул оюнду ойногон бала ийилчээктикке тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга, таамай мээлөөгө үйрөнөт».
Акылай Болотбекова