Үйдө отурган айымдарды сейрек жашоого жана коомдук иштерге активдүү катышууга тартуу максатында айымдар арасында волейбол оюну уюштурулду. Волейбол оюунуна бардык айыл өкмөттөрдөн куралган командалар катышты.
Жыйынтыгында 1-орунду Каргалык айыл өкмөтүнүн “Дельфин ” командасы багындырып 5000 сом акчалай сыйлык алса, 2-орунду Каргалык айыл өкмөтүнүн “Каргалык-1” командасы алып 4000 сом, 3-орунду Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн “Көк-Ирим” командасы алып 3000 сом, 4-орунду Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн “Ийгилик” командасы камсыз кылып 2000 сом акчалай сыйлыктарга жана кубок, медалдар ээ болушту.
Ал эми калган катышуучуларга 1000 сомдон кызыктыруучу сыйлыктар берилди. Спорттук иш чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова катышып, бардык командаларга ийгилик каалап, ал эми уюштуруучуларга Венера Эпээвага, Бурул Кадырбекова, Нуржан Бакасовага жана Индира Курманбаевага ыраазычылык билдирди.
Уюштуруучу Бурул Кадырбекова мындай деп билдирди.”Бул оюнга 8команда келип катышты.Сары-Булуң айыл аймагынын жергиликтүү айыл депуттары демөөрчүлүк кылып баш байгеге кубок жана медалдар менен сыйланышты.Айыл өкмөт тарабынан 25миң сом каралды.Айылдын айымдарынын колдоосу менен ысык тамак уюштурулду.
Катышуучу Айгерим Эсенкан кызы:”Оюн абдан кызыктуу болду.Канчалык кыйкырып ойногон сайын ошончолук женилдеп калдык. Волейболго деген кызыгуу күчөдү.Көп адамдар менен тааныштым.Дем күч берип келген колдоочуларга,демөөрчүлөргө дагы чон рахмат. Алар кыйкырып,колдогон сайын ошончолук кызыгуу артып, ойнодук.”
Эвелина Жумабекова