Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу орто мектебинин 2003-жылкы бүтүрүүчүлөрү 20жылдык юбилейинин ээлери, 6 баланын атасы, аз камсыз үй-бүлөдө жашаган классташы Нуралы Асамадиновго 3 бөлмөлүү үй салып беришти. Үйдүн айланасын эскилерин тазалап, жалпы баасы 900,0 миң сомду түзүп, 25-майда чакан той өткөрүлүп лента кесилди.
20жылдык бүтүрүүчүлөр классташына белек катары үй салып беришти
20жылдык жолугушууга райондук мамлекеттик администрация башчысы акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы Марлис Олжотоев, айылдык кеңештин төрайымы Венера Эпээва, айыл тургундары, катышты.
Сары-Булуң айыл өкмөт башчысы Марлис Олжотоев:»Ушул жерде эски үй бар болчу, көчөнү карап турчу.Ал үйдү көрүп,билип ушул үй муктаж экендигин сезчүбүз.Анан ошол 20жылдык балдар толук кандуу ушул үйдү гана бүтүрбөстөн ошол жердеги эски тамды дагы бузуп, талкалап тазалап, толук кандуу 100% да даяр кылып туруп киргизип атат»-деп билдирди.
20жылдык бүтүрүүчүлөргө Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы Марлис Олжотоев ыраазычылык катын тапшырды
Айылдык кеңештин төрайымы Венера Эпеева: «Ак өргөөнөр кут болсун.Ушул балдарынарга кудай таалам ыйман берип, ушул үйдөн кыз үйлөнтүп,уул үйлөнтүп.Аяш аталарынын эмгегин баалаган нарктуу, барктуу балдарды тарбиялап өстүрө бергиле”-калоо тилегин айтты.
Айыл тургундары ыраазычылыгын бирдирип, калоо тилектерин айтышты:
Бурулкан Кадырбекова: “Максаты бийик болсо, кайык кемеге айланат деп бекер айтпаптыр.Эски там зангыраган ак сарайга айланды балдардын ынтымагынан.Ар дайым ден соолукта, үй-бүлөңөр менен аман болгула. 20- жылдык мааракелери кут болсун!”
Таалайбек Дамир Уулу: “Азаматсыздар байкелер Алла ыраазы болсун жакшы иш кылдыңыздар сиздерден кийинки жаштарга үлгү болдуңуздар”.
Эвелина Жумабекова