Азыркы учурда жаштардын ар кандай ишмердүүлүк менен алек болгону баарыбызга маалым. Жаш болсо да акча табуунун ачуу таттуусун кыйынчылыгына чыдап ийгиликтерге жетишкендери да жок эмес.
Жаш ишкерлердин бири Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагындагы пластик эшик терезелерди жасап келген Мырсейит Нурбай уулу өз оюн төмөндөгүчө бөлүштү:
“-Өзүм жеке ишкермин пластик эшик терезе жасайм. Быйыл бешинчи жыл кудайга шүгүр жакшы. Баштаганымдын себеби, Алматага тагам менен барып ошол жакта бираз иштеп, андан соң ошол ишке көнүп, үйрөнүп келгем. Кардарлар жакшы алар эмнени буюртма берсе, ошону Өзбекстандыкы, Кытайдыкы, Казахстан, Турцияныкын ошолорду айтышат жасап берем. Билбейм эми канчанга дейре улантып иштейм, колдон келишинче аракет кылабыз чоңойтконго. Үй- булөмдөн каршылык жок кайра мага жардам беришет, тоскоолдук кылбайт”.
Жаш ишкердин иштерин алдына сүйрөп турган кардарлары да жок эмес. Алардын бири Ак-Чал айылынын тургуну Рысбек Боронбаев өз оюн билдирди.
-“Мырсейит айнек эшиктерди жасаганга үч-төрт жыл болуп калды, бул бала сапаттуу жасайт элдерден көйгөй жок кудайга шүгүр. Эми өзүбүздүн айылдан балдардын колунан келип жатат жакшы экен. Башка шаарга түшпөйсүн керек болсо буйрутма беребиз. Элге кызмат кылып жатат, жакшы. Айылыбыз өсө берсин, өнүгө берсин жакшы жаш ишкерлер көбөйсүн жумуш орундары көп болсо өзүбүздүн айылга жакшы”.
Даярдаган: Марлен Жамалов