![PHOTO_20160714_124942[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2016/07/PHOTO_20160714_1249421-300x180.jpg)
Учурда туризимдин кайнап жаткан учуру. Ар касы жактан туристердин агымы көбөйүп жатат. Мына ушул себептерден айыл жеринде конок үйлөргө муктаждыктар да чоң. Айыл тургундары муну эске алуу менен өздөрүнүн жайлуу, баардык шарттары менен жасалгаланган үйлөрүн, конок үйү катары туристерге өз кызматтарын сунушташууда. Мындай конок үйлөр саналуу кана. Дал ушундай конок үйдүн ээси, ишкер айым Майрам Чекирова өз иши тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди:
![20160714_125608[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2016/07/20160714_1256081-300x225.jpg)
![PHOTO_20160714_130249[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2016/07/PHOTO_20160714_1302491-300x180.jpg)
«Бизге ар кайсы жактан туристер келип турушат, волонтерлордон сырткары. Алар ошол биздин Барскоон айылынын кооздугуна, социалдык жетишип жактан жактарына аябай суктанып жатышат. Анын үстүнө биздин шаркыратмабыз бар эмеспи, ошол жака чейин барып эс алып келишет. Аябай жактырып атышат. Тоолоруңар кооз экен, балатыларыңар бар экен, абааңар таза экен. Өйдө карасаң тоо, ылдый карасаң көлүңөр бар экен деп кызыгып турушат да. Ошондон эле улам өздөрүнүн жакындарына, тааныштарына айтышат окшойт, жылдан жылга туристердин саны көбөйүп баратат. Ошондой эле келген конокторубуз биздин кыргыздын улуттук тамактарына аябай ыраазы болушат. Биздин мантыбыз, лагманыбызды, беш бармагыбызды жакшы көрүп жешет. Көпчүлүгү таза экологический тамак аштарыңар аябай жакшы экен деп аз-аздан болсо да жактырып жеп жүрүшөт».
Жергиликтүү ишкер айымдардын жасаган иштери жөн кана бизнес жасоо эмес, кичине болсо да айылга салым кошуп жаткандыгы жана ишкер айымдарга көз карашы жакшы экендиги туралуу өкмөт башчысы Руслан Эшмамбетов мындай деди:
![PHOTO_20160718_132123[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2016/07/PHOTO_20160718_1321231-300x180.jpg)
«Бизде азыр көптөгөн фонттордон проектилер келип турат. Биз да ушул келген проектилерди айымдар менен чогуу иштегенге түрткү берип турабыз. Бобул жерден айылга проектилерди алып келесеңер болот деген негизде көп эле иш чаралар өтүп жатат. Ишкерлер гостевой домдорду ачып жатышат, кофелерди ачып атышат кичинекей, ошолордун баарын тең мынакей биз да болушунча ошолорго шарт түзгөнгө аракет кылып атабыз. Алар дүкөндөрүн салышты, «Неман» дары дармек сатуучу ишкана ачылды, парехмакерскийлер ачылып атат, соода борборлору бар. Бизге канчалык иш жүрүп турса бюджетибизге да акча түшүп турганы бизге да жакшы нерсе болуп атат. Ошондой эле элди тейлөө жагынан булар дагы бизге көмөктөш иштерди жүргүзүп жатышат».
Айылдагы конок үйлөрдүн кызматын колдонгон адамдар көп. Бири иш сапарга келсе, бири эс алуучулар. Ушул иш сапарга келген коноктордун бири Элиза Асан кызы жергиликтүү ишкер айымдарга ийгилик каалап конок үйдүн кызматы туралуу төмөнкүлөргө токтоло кетти:
![20160714_125513[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2016/07/20160714_1255131-300x225.jpg)
![20160714_125134[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2016/07/20160714_1251341-300x225.jpg)
« Мага гостиница аябай жакты. Аябай кенен жайлуу, баардыгы таза, тыкан баардык шарты менен жасалгаланган экен. Конокторго кылган мамилеси да жакшы. Түрдүү тамактарды жасап берет. Келгеним аз болсо да мени аябай канагаттандырды. Дагы бир неделя командировканы продливайтеткендиктен кайра эле Майрам эженикине барам. Анткени Майрам эженин конок үйү мага абдан жакты. Майрам эженин кызматы жакандыктанбы көп кишилер конок үйүнө көп барышат экен».
Даярдаган жана алып барган Гүлкайыр Осмоналиева. Саламатта калыңыздар.