Айылдагы ишкер айымдар.
Бүгүнкү биздин каарманыбыз Суусамыр айылынын тургуну ишкер айым Эльмира Такырбашева.Ал 20 жылдан бери ишкердүүлүк менен алектенип, калпак тигип сатууудан баштаган.Кийинчереек дүкөн ачып жана кафе иштетип баштаган.Андан тышкары мамлекеттик жумушта да эмгектенет.
Ишкер айым Эльмира жалгыз бой болгондуктан ишкердүүлүгүндө кыйынчылыктар көп экендигин жашырган жок.Ал өзүнүн жеке бизнеси тууралуу мындай баяндады:

«Менин үй-бүлөмдө киреше булактары өзүм иштеткен дүкөн, кафе жана айыл жергеси болгондуктан мал багуу, жер айдоо менен дагы алек болобуз.Көп жылдан бери калпак тигип сатып, аны дагы улам көбөйтүп сатып жүрүп ушул дүкөн менен кафени чоңойтуп өркүндөттүм.Дүкөн иштетүүдө көп деген кыйынчылыктар болот.Көп учурда жумушта болуп калам.Кошуналарыбыз карызга товар алышат.Кээ бирде карыздар өз убагында берилбей калып бизнесибизге тоскоолдук жаратат.Андан тышкары кафени 3 жылдан бери иштетем.Кафеден дагы кошумча каражат түшүп турат.»

Мырзабүбү Жапарова Эльмира айымдын апасы.Ал кызынын ишкердүүлүгнө колунан келишинче көмөк көрсөтүп келет.

«Кызым өзү жооптуу кызматта иштегендиктен командировкасы абдан көп.Ал командировкага кеткенде кичүү уулу менен үйдө калып дүкөндү иштетип турам.Бизнесин иштетип, 2 кызын жогорку окуу жайда окутуп жатат.»
Эльмира айым ишкердүүлүк менен көп ийгиликтерге жетише алган.Учурда ал 3 баланы тарбиялап, алардын жогорку билим алуусуна шарт түзө алган.Келечекте кол өнөрчүлүккө басым жасап, бул багытта ишкердүүлгүн өнүктүрүүнү пландаштырууда.

«Жеке бизнести баштагандан бери көп эле ийгиликтерге жетиштик.Жаңы баштаганда көчөгө эле кичинекей стол коюп ошондо отуруп калпактарды сата баштадык.Андан кийин сода кылып отуруп чоңураак дүкөн ачтык.Ал эми азыр атайын өзүнчө дүкөн кафеси менен ачып иштетип жатабыз.Кыздарымды жогорку окуу жайларында окутуп, алардын контрагын, жатаканасын төлөйм.Ал эми быйыл уулум түрк лицеине окууга өттү.Контрагы 3 миң доллар экен.Буйурса уулумдун да жогорку билим алуусуна шарт түзсөм деген оюм бар.Бизнести өркүндөтүү үчүн кээде насыя ала койом.Аны да өз убагында ушул дүкөн , кафеден түшкөн каражат менен төгүп турабыз.»
Эльмира Такырбашева жеке бизнесине кана басым жасабастан өз ишине дагы жоопкерчиликтүү мамиле жасап, кесиптештеринин арасында да кадыр-баркка ээ экендигин Суусамыр айылынын жооптуу катчысы Жыргал Бугубай уулу баса белгиледи:

«Элмира эже бул жумушта көп жылдан бери эмгектенет.Тажрыйбалуу кызматкер десем жаңылышпайм.Жумушта жакшы кесиптеш, эл менен жакшы мамиле түзө билип өз ишин да так аткарат.»
Айыл жергесинде айымдардын ишкердүүлук менен алектенип, ийгиликке жетишип жаткандыгы, өзгөчө жалгыз бой айымдардын талыкпай эмгектенип жаткандыгы айыл тургундарын эмгекке шыктандырат.