Токтогул районунун Чоң-Арык айылындагы жашоочуларды айнек эшик, терезе, башка жыгач буюмдар менен камсыз кылып турган жыгач уста Алымбек Тургуналиев бала чагынан бери бул өнөр менен алектенет.
Бул анын атасынан калган таланты. Устачылыкка окуп үйрөнгөн эмес, болгону өзүнүн жөндөмү менен иштейт. Ал ишмердүүлүгү жөнүндө төмөндөгүлөргө токтолду.
“Көп ийгиликтерге жетиштим, эми менден үйрөнөм деген жаштар көп. Мен турмушумда эмне керек болсо ошонун баарын жасайм. Мага эшик, терезе заказ кылышат, аарынын кутусун жасайм. Аларды мен жыгачтын сапатына, эмгегиме, буларга кеткен электр энергиясына карап баасын аныктайм. Менин келечекте пландарым жаштарга үйрөтүү, эми атадан калган мурас дегендей балама үйрөтсөм дейм”, — деди Тургуналиев.
Жыгач устанын кардары Артур Кулманкулов мындай деди.
“Менин үйүмө эшик жасаттырдым абдан сонун чак келди, бул эшиктин баасы жыгачтын сапатына баалады. Ал мени канаттандырды, абдан жакшы жасалган сапаты да жакшы”.
Даярдагандар: Бактыбек кызы Жайнагул, Сыргабай кызы Нуриза