Өткөн аптада Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясында райондун имамы Абдумажит Сагынбаев Рамазан айында чогултулган садака-фитирлерди муктаж болгон адамдарга таратып берди.
Абдумажит Сагынбаевдин айтымында, район боюнча 600 миң сомго жакын каражат жыйналган. Жыйналган акча каражатынын 300 миң сому ар кайсы айылдагы мечиттердин өз аймагындагы тоголок жетимдерге, жетишсиз үй бүлөлөргө таратылган. 300 миң сому райондун имам хатибине өткөрүлүп берилген.
Ал өткөрүлүп берилген каражаттын 217 миң сому обулустун казыятына жиберилген, 40 миңи 38 тоголок жетим балага, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жана интернат үйүнүн эки жашоочусуна 1000 сомдон тапшырылган.
Ал эми 10 миң сом Бакай-Ата медресесине тапшырылган. Калган каражаттар учурда имам хатибинин кеңсесине керектүү техникаларын алууга сакталып турат.
Даярдаган: Рамис Темиралиев
Сынак үчүн
СҮсөн