Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак айылында балдарды коргоо күнүнө карата майрам өткөрүлдү.
Бул майрам бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө арналды. Иш-чаранын максаты — коңшу айылдагы балдарды бири-бири менен тааныштырып, биримдикке чакыруу жана балдардын көңүлүн көтөрүү.
Иш-чара туурасында Кулатов айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Аида Жээнбаева менен маектештик.
«Бул майрамга жалпысынан айтканда 65 миң сом акча каражаты бөлүндү. Биз балдарга өздөрүнө керектүү белектерди бердик. Биз берген белектерди алар абдан сүйүнүп алышты. Бул биринчи жолу болуп жатат. Мындан кийинки жылы да кудай буюруса уюштуралы деп жатабыз, үмүттөрүбүз чоң. Кулатов айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерден 10дон окуучулар келишти. Максатыбыз — коңшу айылдагы балдарды бири-бири менен тааныштырып, биримдикке чакыруу жана балдардын көңүлүн көтөрүү болду»,- деди Кулатов айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Аида Жээнбаева.
Бүгүнкү болуп жаткан майрамга жергиликтүү буджеттин тарабынан 30 миң сом акча бөлүнгөн. Анын ичинен 10 миңи эки бала бакчага 5миңден, андан сырткары демөөрчүлөр тарабынан 40 миң сом бөлүндү анын ичинен 20 миңи түштүк цемент заводунан, 15 миңи Абшыр атанын ээси Калмат Камчыбеков, 5 миңин айылыбызда жашаган демөөрчүлөр беришти. Бул майрам балдарга жакты, мүмкүнчүлүгү четтелген балдардын ден-соолугу чын болсун, өмүрү узун болсун Кыргызстандын патриот жигиттерден болушуңарды каалаймын. Майрамды уюштурган айыл өкмөтүбүзгө чоң рахмат жана Кызыл-Булак мултимедия борборуна, демөөрчүлөргөда чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз»,деген тилегин билдирди айыл өкмөттүн социялдык маселелер боюнча адиси Таалай Бердикулов.
«Бул майрам мага абдан жакты. Себеби жаш жеткинчектердин көңүлү абдан көтөрүлдү. Мындан кийинки жылдары да өткөзсө жакшы болмок. Балдарга да жакты деп ойлойм»,-деп айтып берди Надиров орто мектебинден мугалими Күмүшай Зикирова.
«Мага бул майрам абдан жакты. Мен башка айылдагы балдар жана кыздар менен таанышып достоштук. Дагы ушундай майрам болушун каалайбыз жана баарынан да жакканы белектери болду. Уюштуруучуларгада чоң рахмат!»,-деп айтты майрамга келген балдардын бири.
Автор: Марлен Жамалов, Айкын Шайырбек уулу