Хансарбай Асилбек уулу, Ош облусунун Ноокат районундагы Кызыл-Булак айлынын Айбашов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү. Ал кичине кезинен эле ар түрдүү бий сынактарына катышып жеңиштүү орундарга ээ болуп келе жатат. Хансарбай эл алдына бийлеп чыкканда, көрүүчүлөр демин ичине катып, өзгөчө кызыгуу менен көрүп, кызуу кол чабуулар менен узатышат.
-Бийлегенди кимден үйрөндүңүз эле?
-Мага бийлегенди эч ким үйрөткөн эмес. Алгач бул бийди телевизордон көрүп кызыгуум пайда болуп калган. 4 жылдан бери телевизордон жана ар түрдүү сынактардан кызыгып көрүп, кыймылдарын кайра-кайра кайталап жүрүп үйрөнгөм.
-Бийге канча убакыт бөлөсүз?
-Бош убактымдын баарын бийге арнайм. Бирок бош убактым болбой калса дагы күнүнө 1 -2 саат убактымды сөзсүз бийге бөлөм.
-Буга чейин кандай сынактарга катыштыңыз жана кандай ийгиликтерге жетиштиңиз?
-Мен Ноокат районунда болуп өткөн «Талантуу жаштар» сынагына катышып бий боюнча биринчи орунду алып ийгилик менен кайткам.
-Досторуңуз, инилериңиз кызыгып үйрөт дешеби?
-Ооба инилерим кызыгат алардан да мендей бийчи чыгат деп ойлойм. Жакында районубузда бий боюнча сынак өтмөкчү, ошого эки баланы даярдап жатам биз буйруса жеңиш менен кайтабыз деген ниеттебиз.
-Эгер сиз келечекте белгилүү бийчи болуп, кыялыңыз орундалып калса, кандай кайрымдуулук иштерин кылат элеңиз?
-Мен өзүм туулуп өскөн Кызыл-Булак айылыма бала бакча жана спорт зал куруп бермекмин. Себеби балдардын талантын, кызыгуусун өстүрүүгө шарт түзүлсө жаман жолго баруу ою да болбойт, убактысы да болбой. Ал эми балдар бакчасы абдан маанилүү, балана кичинесинен коомго аралаштырып, кичинесинен талантын табуу керек.
Маегиңизге чоң рахмат.
Маектешкен: МАРЛЕН ЖАМАЛОВ.