Жакында «Ак-Талаа биримдиги» коомдук бирикмеси тарабынан Ак-Талаа жаштарынын ынтымагын бекемдөө, биримдикке келтирүү максатында Бишкек шаарындагы «Сармерден» ресторанында «Жаштардын ынтымак кечеси» болуп өттү.
Жогоруда аталган кечеге азыркы учурда борбор калаанын ар кайсы жогорку окуу жайларында окуп жаткан 18 айылдын студенттери жана жаштары барып, бири-бири менен таанышып, пикир алышып, чер жазып келишти. Кече эки бөлүктөн турду. Биринчи бөлүгү расмий бөлүк болуп, аны алып баруу милдетин Абдиев Анарбек жана Маметова Акылай алышты. Ал бөлүктө студенттердин буга чейин жасаган иштери, өткөргөн иш-чаралары жана аларды сыйлоо аземи болду. Ал жерге кадырлуу конок катары Ак-Талаа районунун акими Молдокадыров Нурбек, мамлекеттик жана коомдук ишмер Берикбаев Дөөлөтбек, ишкер Исамамбетов Кылыч, «МС Билдинг» курулуш компаниясынын генералдык директору Сыдыков Мурадил, ырчы Адылбек Кыязовдор катышышты. Кадырлуу меймандар Ак-Талаанын тарыхында биринчи жолу студенттердин ушундай деңгээлде өткөрүп жаткан кечесине сүйүнүп, жаштарыбызга кеп-кеңеш, каалоо тилектерин айтып кетишти. Уюштурулган жаштардын кечесине «МС Билдинг» курулуш компаниясынын директору Сыдыков Мурадил жана мамлекеттик жана коомдук ишмер Берикбаев Дөөлөтбек демөөрчүлүк кылышып, акчалай колдоо көрсөтүштү. Кыргызга аты таанылып калган төкмө акын Турат Жумаев дагы жаштарды куттуктап, өз жамагы менен биринчи бөлүктү соңуна чыгарды.
Экинчи бөлүктү алып баруу тизгини Токтогулов Бегалы жана Улукман Атабековго тийип, ал бөлүк ыр-бий, оюн-зоок менен коштолду. Жаңыдан жылдызы жанып чыгып келе жаткан Сырга Сагынбекова, Тынысхан аттуу уул-кыздар ырдап, жаштарды бийге чакырып, шаңга бөлөп, «Жаз-Нур» бий тобу шоу тартуулашты. Билеттер байгелүү болгондуктан, кеченин соңунда лоторея ойнотулуп, меймандар белек менен кайтышты. Кечени уюштуруучу студенттердин бири Анарбек Абдиев: «Кече мыкты деңгээлде өттү. Буюрса келечекте студенттерибизден, жаштарыбыздан үмүт чоң жана дагы да биримдик үчүн албан-албан иш-чараларды өткөрүп, районубузга чоң салым кошот деп ишенебиз»,-деди. Баса белгилеп кетчү нерсе, бул иш-чарага атайын Баетов айылынан дагы жаштар барышкан.
Даярдаган: Муктарова Аймырза