«Аймактарды өнүктүрүүдө жана санариптештирүүдө жаштардын ролу зор. Анткени жаштар жаңы технологияга жакын болушат жана жакшы түшүнүшөт»- деген оюн түз эфирдин коногу Тазагүл Абдразакова билдирди.
«Демократия сааты» уктуруусунун кезектеги темасы «Жаштардын шайлоого аттануусу» тууралуу болду. Конокто жергиликтүү кеңештин депутаты Адыл Шамшиев, Советтер Союзу учурундагы мурдагы депутат Тазагүл Абразакова жана активист айым Айса Матраимова болду. Алардын айтымында айылда мыкты, билимдүү жаштар көп. Бирок көбүнчөсү жумушсуздуктун айынан чет жактарда жүргөндүгү өкүндүрөт. Мындай абал менен тура берсек, билимдүү жаштарыбыз деле калбай калышы мүмкүн деген оюн Айса Матраимова билдирди.
Даярдаган: Айлар Дарбишова