27-августта “Центр Солидарности” уюму жашыл экономикага өтүүдө жумуш орундарынын татыктуу шарттарын камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө арналган пресс-кафе жана фотокөргөзмө өткөрдү.
Климаттын өзгөрүшү жана экологиялык көйгөйлөр биздин күнүмдүк жашообуздун бир бөлүгүнө айланууда. Жаңылануучу энергия булактарын пайдалануу жана туруктуу өнүгүүнү камтыган жашыл экономикага өтүү айлана-чөйрөнү коргоо үчүн абдан маанилүү. Бирок бул тармакта иштеген адамдарды унутпай, аларга татыктуу эмгек шарттарын камсыз кылуу да маанилүү.
Иш-чарада экологиялык жактан таза келечекке өтүүдө адилеттүү эмгек шарттары көңүл борборунда болушу керектиги баса белгиленди.
Кыргызстанда бул маселе абдан актуалдуу, себеби көптөгөн адамдар формалдуу эмес сектордо иштешет жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине эң алсыз катмар болуп саналат.
Катышуучулар климаттын жумуш орундарына жана эмгек шарттарына кандай таасир тийгизээрин көрсөткөн фотокөргөзмөнү көрө алышты. Иштердин авторлору Влад Ушаков жана Таштанды Музеинин өкүлдөрү болду.
Иш-чарага маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, экоактивисттер, уюмдар жана экологиялык өзгөрүүлөр шартында эмгек жана социалдык адилеттүүлүк маселелерин талкуулоого кызыкдар болгон бардык адамдар катышты.