Нарын районундагы Куланак айылы түштүк тарабынан кара тоо (географиялык аталышы Кошойдун кара тоосу), чыгыштан Ала – мышык тоолору менен чектеш. Айыл тоого чукул жайкашкандыктан кокту колоттордон жайы кышы менен түшкөн мөңгү – булактардын суусу айылга көп коркунучтарды жаратып келет.
«Куланакка суу 3 коктудан кирет. Алардын бири Ичкенин сайы. Бул суу биздин чөлкөмдү жана ПТУну ак суу менен камсыз кылат. Айылда эгилген, айдалган бак, жер жемиштердин баарын сугарат. Биз тарап жактагыларды.
Ал эми көрүстөндөр болсо качанкы. 150 жыл мурунку ата – бабаларыбыздын сөөктөрү коюлган. Бул жерде 3 – 4 уруунун ата – бабаларынын күмбөздөрү. Азыркы күндө деле кээде “мени ата – бабам жаткан жайга койгула” – деп мурас кылып айтып кетсе, ошол жакка алып барып коюп жүрөбүз. Акыркы жылдарда суунун нугу жарды бусуп көрүстөндөргө жакын ага баштаган. Катуу жаанда кыян жүргөн көрүстөндөрдү каптай баштаган. Быйылкы жылы жаз менен Нарын облусунун ӨКМ менен жана АӨ биргеликте тосмолор менен тосуп беришти. Абдан ыраазыбыз», – дейт айыл тургуну Жолдошбек Бообеков.
«Ичке сайдын ичинен түшкөн суу ата – бабаларыбыздын коюлган күмбөзтөрүн каптап, суу чекесинен урата баштаган. Буга чейин 5 күмбөздү суу алып кеткен жана дагы жайытка кетчү суунун нуктары бузулган», – дейт Учкун айыл аймагынын өзгөчө кырдаалдар адиси Эмилбек Солтоналиев.
«Бул ишти 3 жыл мурун эле сунуштаганбыз айыл өкмөт тарабынан 100 дөн ашык мүрзөлөр бар. Ошол жактын элинин суроо талабы болгон. Анан проектиге киргизип, былтыркы жылы жасоого макулдашылган. Быйылкы жылы апрел айында ишке ашырылды. Облустук ӨКМ габионун ( таш тизе турган тор), күйүүчү майларын алып, долбоорун өткөрүп райондун ӨКМ бирдикте ВПООН (всемирный продовольственный) долбоору менен 15 киши жумушка алынган. Ошол жерди каздырып, мүрзөнү тостуруп жана бир чети Ичкенин ичине жол да чыкты. Биринчиден, үстүндөгү жайыттар үчүн жол салынды. Экинчиден, мүрзөнү коргодук. Үчүнчүдөн, ички сугат каналдарына кетчү суунун нугу оңдолду. Жылда жеп кеткен жерлери тосулду. Мындайча айтканда 3 жумуш аткарылды. Иштеген 15 баланын ар бирине 11 000 сомдон айлык акы чегерилди долбоордун негизинде. Алар азык түлүк (ун, май) менен жарымы таркатылды. Ал эми жарымы август айында таркатылат. Дагы айта кетчү нерсе, жергиликтүү кеңештин депутаты Камчыбек Андашов камазы менен жана жайыт комитетинин погрузчигинин айдоочусу Урмат Ырсаалы уулу чоң күч берди».
видео монтаж: Эмилбек кызы Аэлита
Айзат Түмөнбаева