Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Жаңыл Кыдырова бир эмес, эки кесипти аркалайт. Ал мектепте математика сабагынан берсе, бош убактысында айылдаштарынын табыштамасы менен кийим тигет.
Жаңыл Кыдырова беш жылдан бери Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде математика мугалими болуп эмгектенип келет. Ал эми кийим тигүү менен он жылга жакын убакыттан бери алектенип келе жатканын айтат ал.
«Бул тикмечилик өзүмдүн дээримде бар. Орто мектепти бүтүп, окууга тапшырып, окуудан сырткары тигүү цехинде иштеп калдым.Тикмечилик менен алектенгениме 7-8 жылдай болуп калды. Эч кандай окуган эмесмин, цехтен үйрөнүп, тажрыйба алдым. Эки жылдай тикмечи болдум, андан кийин ошол цехте бычмачы болуп иштедим. Эмгектенип жүрүп окуумду бүтүп, турмушка чыктым. Ушул мектепте мугалим болуп иштеп келе жатам», — деп айтып өттү Кадырова.


Анын айылдагы балдарга тумак тиккенин коңшу айылдагылар көрүп, аларга да тигип беришин өтүнгөн. Мектепте жана үйдө эки жумушту бир алып кетүү кичине кыйынчылык жаратат дейт ал.
«Көпкө чейин тигүүчү машинага отурбай калсам өзүм да сагынып калам. Мен кээде жөн гана отурганда оюма кандайдыр бир көйнөктүн дизайны келет, ошол убакта тигип калам. Кардарлардын табыштамаларын кабыл алам», — деди тигүүчү.



Андан тышкары жакын арада окуучуларга “Жаш таланттар” сынагында бийлегенге көйнөктөрүн тигип берген.
Автор: Айдана Сарбагыш кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн