Учурда Жерге-Тал айыл тургундарын кызамыкка каршы массалык эмдөө аяктоодо. Бул тууралуу Жерге-Тал үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Чагалдак Молдалиева билдирди.
Жерге-Тал айылында кызамык менен үч адам катталган. Алар кызамыктын жеңил түрү менен ооругандыктан өз үйлөрүндө дарыланууда.
Айыл элин кызамык оорусунан коргоо максатында 1 жаштан 25 жашка чейинки айыл тургундарын эмдөөдөн өткөрүп жатышат. Айыл боюнча эмдөөдөн 1500 адам өтүүсү керек болсо, учурда алардын ону гана эмделе элек.
Жерге-Тал айыл аймагында жалпы 5632 адам жашайт. Айылда 3 мектеп, 4 бала бакча бар.
Муратбек Жолдошбек уулу. “Мейки” жамааттык мультимедиалык борбору.