Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин автору Асейин Абдраев Кара-Чий айылындагы Абдраев атындагы көчөсүнүн ыр кесесине катышты. Бул тууралуу айыл башчы Кыдырбек Абдрахманов билдирди.
Ал ыр кесеге гербдин автору Асейин Абдраев келип өзү катышып кеткенин жана тылда эмгектенген апалар, баатыр энелер өзгөчө сый урматка татыганын билдирди. Ыр кесеге аталган көчөнүн тургундары активдүү катышышты.
Ыр кесе “Экономиканы чыңдоо жылына” жана Энелер күнүнө карата өткөрүлдү.
Маданий иш чараны алгач “Чагалдак бала бакчасы” баштап, Асейин Абдраев атындагы көчөгө ыр кесени өткөрүп беришкен эле.
Ыр кесе кезеги Күмүшай Майназар кызы көчөсүнө өттү.
Кызбийке Бакытбек кызы. “Кара-Чий” жамааттык мультимедиалык борбору.