Бул тууралуу сынак өтө турган Асанбек Табалдиев орто мектебинин директору Баатыр Сманбаев билдирди.
Буга чейин өрөөндүк тур Он-Арча айыл окуругунда өткөрүлгөн. Былтыркы сынакка катышып келген А.Табалдиев орто мектебинин мугалими Элина Бейшекеева конкурс тууралуу буларга токтолду :
— “Мыкты мугалим” конкурсунун өткөрүлүп жатканы жакшы деп ойлойм. Себеби, жаш мугалимдер конкурстан көптөгөн тажрыйба топтоп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мен өзүм орун албасам да, көптөгөн нерселерди билип кайттым- дейт мугалим Элина Бейшекеева.
Ошондой эле ушул жылга чейин А.Табалдиев орто мектебинен көптөгөн мугалимдер катышып, байгелүү орундарды ээлеп келген.
“Жылдын мыкты мугалими” мамлекеттик сынагы республикада жыл сайын өткөрүлүп келет.
2014-жылы Асанбек Табалдиев орто мектебинин мугалими Айгул Абдыгулова Нарын райондук сынагында баш байгени жеңип алган.
Ал эми аталган мектеп 2014-жылы республикалык сынакта мыкты “Иновациялык мектеп” наамына ээ болгон.
Айзада Койчубекова. “Мейки” жамааттык мультимедиалык борбору.