Жерге-Тал айыл аймагында ветеринардык клиникасын куруу боюнча долбоор башталды.
Бул тууралуу долбоордун жетекчиси Наамат Тентиев билдирди.
“АРИС” коомдук уюму тарабынан каржыланган жалпы суммасы 15 миң АКШ доллар сарпталуусу күтүлүүдө.
Малдын оорусу көбөйүп аны менен кошо жугуштуу дарттардын кесепетинен малдын саны жылдан жылга азайып кеткен. Бул долбоордун негизги максаты мал-жанды жугуштуу оорудан сактоо жана санын көбөйтүү болуп эсептелет.
Келечекте долбоордун алкагында аймакта ветеринардык клиниканын да ачылышы күтүлүүдө.
Буга чейин Жерге-Тал айыл аймагында бир да ветеринардык клиника болгон эмес.
Асел Нурлан кызы. “Мейки” жамааттык мультимедиалык борбору.