Жерге-Тал айылынын Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинин окуучусу Кумар Орунбек уулу Талас шаарында «Интеллектуалдуу окуучу» республикалык сынагына катышып келди.
Бул тууралуу мектеп директору Баатыр Сманбаев маалымдады.
Өрөөндүк турдан 2- орунду, райондук турдан 1- орунду ал эми областтан баш байгени камсыз кылып, Таласта өткөн республикалык турда 4-орунга татыды.
Кумар Орунбек уулу сынакка өзү ойлоп тапкан велосипеди менен катышкан.
Асанбек Табалдиев орто мектебинде 678 окуучу окуйт. 2014- жылы Амангелди уулу Дастан өрөөндүк турдан баш байгени алган эле.
Адина Жолдошбек кызы. “Мейки” жамааттык мультимедиалык борбору.