Жерге-Тал айылындагы Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинде “Айыл алга” фестивалынын алкагында кароо сынак өттү. Иш чарага айылдын жашоочулары жана мектеп окуучулары “Менин келечектеги уй чарбам” жана “Малы сактын-дени сак” деген сынактар боюнча катышышты.
“Менин келечектеги уй чарбам” тапшырмасында окуучулардын жеке фантазиясынан жаралган макеттердин, сүрөттөрдүн жана мыкты аткарылган чакан көрүнүштөрдүн жыйынтыгы атайын дайындалган калыстардын чечими менен чыгарылып, женүүчүлөр грамота жана белектерге ээ болушту. “Менин келечектеги үй чарбам” тапшырмасы боюнча 7-классынын окуучусу Амантөрөева Эльзат 1-орунга татыктуу болуп, өзүнүн ийгилигин мындайча бөлүштү.
Бул менин келечектеги үй чарбам. Мен муну экиге бөлүп жасадым. Бир жагына адамдар жашап, таза абада дем алыш үчүн, экинчи жагына жаныбарларды камтыгам. Анткени алар адамдар үчүн абдан керек. Ошондой эле эс-алуучу жай жана техниканы камтыгам.
Ал эми 2-тапшырма боюнча бруцеллёз, кутурма, эхинококкоз ооруларынын жугуу жолдорун көрсөтүп беришкен 9-класстын окуучулары 1-орунду алышты.
“Малы сактын -дени сак” деген фестивалга катыштык. Мындан жугуштуу оорулардан мисалы кутурма, бруцеллёз жана эхинококкоздон кантип сактаныш жана алдын алыш керек экенин үйрөндүк. Мал кармагандан кийин сөзсүз колубузду самындап жуушубуз керек. Ошондой эле бул оорулардан сактаныш үчүн жаман суу ичпеш керек.
Айыл жергесинде жамааттарды туруктуу өнүктүрүүгө окуу тренингдер аркылуу багыт берип келаткан “Компаньон” жабык акционердик коомунун мал чарба жаатындагы адиси Азиз Исираилов “Жамааттарга теориялык берген билимди практика менен айкалыштырып жатабыз” дейт.
Иш чараларды уюштуруубуздун себеби: Адамдар менен малдын ортосундагы мамилени чагылдыруу, жугуштуу ооруларды алдын алуу , болуп жаткан ооруларга ээлери кандай кам көрүшү керек. Ошол боюнча жашоочуларга маалымат берүү иретинде берүү иретинде өткөрдүк. Жыл башынан бери мал чарбасын башкаруу демилгелүү топ түзүлүп, айылда 2 группа түзүп, шык билимдерин ойготолу деп тренингдерди өткөрүп келатабыз. Ошону менен бирге окуучулар арасында да өтүп жатканыбыздын себеби республика боюнча статистикалык маалыматты карап көрсөк окуучулар арасында бруцеллёз өңдүү оорулар көп кездешүүдө. Ушул оорулардан кантип сактаныш керек экенин билип алсын деп жатабыз.
Сиздер өтүп жаткан тренингдер канчалык деңгээлде пайдалуу?
Пайдалуу жааты боюнча 100% кем деп айта албайм. Анткени биз өзүбүздүн кардарларыбызга эч качан зыяндуу нерселерди бербейбиз. Илимий негизде тастыкталган нерсени гана беребиз.
«Медицина адамды ал эми ветеринария адамзатты дарылайт» демекчи ар бирибиз корообуздагы малга кам көрсөк ден- соолугубуз бекем болот деген жакшы тилек менен берүүбүздү аяктайбыз.
Даярдаган: Г. Мамытбекова