Талас облусунда “Прецедент өнөктөштүк тобу” коомдук бирикмеси 2014-жылдын 10-октябрында «Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын карамагында, турган маалыматтарга жетүүгө жарандык укугу» деген темадагы акция болуп өттү.
Акцияны уюштуруучулары “Прецедент өнөктөштүк тобу» жана уюмдун Талас облусу боюнча координатору Адилет Азимов болду.
Иш-чаранын максаты ар бир жаран өз укугун пайдаланып, мамлекет органдарынан каалаган маалыматка жетүүнү оозеки жана жазуу түрүндөгү жазылган суроо-талапка жооп алуу. Акция Талас шаарынын борбордук базарынан башталып, облустук администрацияга чейин уланды. Акцияга Талас облусунун губернаторунун басма сөз катчысы Суранчиев Мухамеджан өзү күбө болду.
Талас медициналык окуу жайында жана башка жогорку окуу жайлардын студенттери дагы иш-чарага жигердүү катышышты, жалпысынан катышучулардын саны жүзгө чукул болду.
Алардын арасында базардагы эмгектенген адамдар, облустук админстрациянын кызматкерлери, жаштар дагы катышты .
Даярдаган: Келсинбү Жолдошова