Ак-Талаа районунун Конорчок айылында “ Компаньон” микрокредиттик компаниясынын демилгеси менен “ Айыл алга” деген аталышта Алма фестивалы болуп өттү. Фестивалда Конорчок айылында өсүүчү жашылча жемиштин жана алманын бир канча сорттору коюлду.
Катышып жаткан Деми лге 1, Демилге 2 жана балдар бакчасынын “Кубан бөбөк” командалары өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. “Карвинг” жашылча-жемишти кооздоп кесүү искусствосу, “Алма жөнүндө ырлар” жана “өзгөчө жемиштер” номинациялары боюнча сынактар өткөрүлүп, жеңүүчүлөрүнө уюштуруучулар тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.
“Өзгөчө жемиш” номинациясы боюнча сынакта Конорчок айылынын тургуну Макешова Толкун өстүргөн 440 гр салмактагы алма алдыңкы орунду ээледи. Сыйлык ээси өз тажрыйбасын мындайча бөлүшту:
«Жазында эле алманы түптөгөндөн баштадык. Түбүнө өзүбүз жасаган жер семирткич бергенбиз, биз биогумус даярдайбыз, компос ачытабаз. Булардын баары химиялык жер семирткичтер эмес. Убагында суюлтуп, сугарып, бутап, дарылап, экологиялык жактан таза жер семирткичти махорка чеснок, ачуу калемпирден кошуп, үй шартында даярдайбыз. Баарын тең кол менен жасайбыз.
Ал эми алма өстүрүүнүн бардык жол жобосун окуу -тренингдерге айыл тургундарына үйрөткөн аталган кредиттик компаниянын “Эко-бак” долбоору боюнча тренери Мамбетов Аман Конорчок айылында алманын дээрлик көп сорту өстүрүлөөрүн айтат:
Айыл жергесиндеги жашоочулардын жашоо тиричилигин жогорулатуу, алма өсүмдүктөрүн бакчага тигип, кийинки жаш муундарды анемия оорусунун алдын алуу үчүн иш=чаралардын бири. Айыл жергесинде бир үй-бүлө 10 түп алма отургузуп койсо, жыл бою витаминдүү азык заттар менен камсыз болот, базарга чуркабайт, түшүмдүн ашканын сатса , кошумча киреше болот.
Алма өстурөм деген каалоочуларга сиздин кенешиниз?
Айыл жергесинде аба-ырайынын шартына байланыштуу алма сортторун тигип алса дейт элем. Анткени, кээ бирлери ага карабай эле базардан сатып ала беришет. Ал климатка туура келбесе өспөй калышы мүмкүн. Ар бир райондун климатына, шартына туура келген сортторун отургузушса деп кеңеш берет элем.
Республиканын бардык аймактарында кезек менен өтүп жаткан мындай алма фестивалдарын өткөрүүнүн негизги максаттары жөнүндө компаниянын Нарын областык филилалынын менеджери Жакееева Аида буларга токтолду :
Бул фестивалды өткөрүүнун негизги себеби: адамдарды алма өстүрүү демилгесинде чогултканбыз. Конорчокто 2 демилгелүү топ бар. Аларга алманы кантип түптөп, бутап өстүргөндөн баштап, мөмө алганга чейин биздин адистер үйрөтүшөт. Аталган 2 топ бири-бири менен жарышып, өнөрүн көрсөтүп, тажрыйба алмашат. Биз 2012-жылы Ак-Талаа районунда республикалык фестиваль өткөргөнбүз. Анын жыйынтыгы боюнча айыл тургундары ыраазычылык билдиришип, тургундар: алманы башкача көз караш менен өстүрүп калдык, балдарыбызга витамин болот. Артканын сатып жибергенге да болот деп айтышууда. Азыр 8-фестивалды откөрүп жатабыз.
Даярдаган: Гүлбарчын Мамытбекова