2022-жылдын май айында катуу жааган жамгырдын кесепетинен тоолуу аймактардагы чабандар жабыркашты. Тактап кетсек, май айында жумалап жааган жамгыр карга айланып жайыттардын жолдорунун баары бекип калган. Мал жегенге чөп жок болгондуктан бир тобу ачкалыктан өлүп калган. Мал эле эмес жолдун бектигинен чабандар үй-бүлөлөрү менен ачка отуруп калганы маалым болгон. Айыл өкмөт башчылары, аким болуп жолдорду тазалатып малчыларга тамак-аш, малга тоют жеткирүүгө көмөк көрсөтүшкөн. Ушул жамгырдын кесепетинен Барскоон айыл аймагынын малчылары жалпысынан уй баласынан 34, жылкыдан 23 жана кой-эчкиден 785 баш чыгымга учурашкан.











Гүлкайыр Осмоналиева