Жергиликтүү кеңештин ишин баштап, жумушчу топ түзүп, айылдын ичиндеги көйгөйлөрдү аныктоодо, эл менен бирдикте коомдук угуу өткөрүлгөн. Айыл тургундарынан көбүнчө жер маселеси арыз даттануулар келип түшкөн.
Айыл аймакка караштуу Кара-Суу жана Табылгыты айылдарында элдик жыйындар өткөрүлөт. Депутаттар 1 жылда иштеген ишибиз боюнча элге маалымат берет.
Бул туурасында Сары-Булуң айылдык кеңештин төрайымы Венера Эпээва Тогуз-Торо ФМ радиосуна берген маегинде билдирди.
Анара Мааметова