Жети-Өгүз районунда ар бир айыл өкмөтүндө жайгашкан ооруканаларда ооруган адамдардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Ооруканада эле эмес үй шартында өздөрү дарыланып жаткан оорулуулардын саны да арбын. Илдеттин алдын алуу жана токтотуу аракети көрүү менен бирге ар бир айылдарга күндүзгү дарылануу бөлүмдөрү мектептин, бала бакчалардын имараттарына ачылууда.
Абал күндөн-күнгө оорлоп бара жатканын жана оор абалдагы бейтаптарга кисларод менен дем алдыруучу жабдыктардын жетишсиз болуп жаткандыгын дарыгерлер айтууда. Мындан тышкары, ак халатчан мед кызматкерлери кийе турган атайын кийимдер да жетишпей жаткандыгы айтылууда. Өлкөдөн сырткары чыгып иштеп жаткан мекендештердин ар бири ушул оор кырдаалдан чыгып кетиш үчүн, өз айылдарына акча чогултуп керектүү жабдыктарды, атайын кийимдерди жана жетишпеген дары-дармектерди алып берүү үчүн акча чогултушуп өз салымдарын кошууда.
Райондогу бейтаптар айылдагы ооруканага которулууда
Гүлкайыр Осмоналиева