Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Кочкор районундагы оорукана март айынан тартып обсервация бөлүмүнө даярдалган эле. Ал эми райондогу жөнөкөй ооруган адамдар Кочкор районундагы Чолпон айылынын ооруканасына которулууда.
Чолпон айыл аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Токжан Асанбаева буларга токтолду:
«Чолпон айыл аймактык ооруканада негизи 3 койка бар болчу. Март айынан бери кырдаалга байланыштуу Кочкор районундагы жөнөкөй оорулар убактылуу биздин аймактык ооруканага келип дарыланышууда. Ушул күнгө чейин биздин ооруканадан 136 жаран сакайып чыгышты. Азыркы тапта Чолпон айыл аймактык ооруканасына кошумча 10 койка даярдалды. Эгерде пневмония оорулары келсе кабыл алганга толук шартыбыз бар. Бирок азыркы учурда саматикалык ооруларды дарылоо менен эле иштеп жатабыз».
Чолпон айылына кычкылтек концентратору келди
Перизат Таштанова