Жогорку Кеңештин депутаты Жусубали Исаев бүгүн 24-август күнү Андарак айылына иш сапары менен келди. Андарак 2 орто мектебине спорт зал курууну баштады.

Депутат Андарак 2 орто мектебине спорт зал курууну баштап берди. Бул туралуу Сумбула айыл өкмөттүнүн башчысы Бекмуратов билдирди.
“Бизге маалым болгондой бул мектеп салынгандан бери меселелер бар эле чечүү үчүн Жогорку кеңештин депутаты Жусубали Исаевдин пайдасы тийди. Мына Андарак 2 орто мектебине жаңы спорт зал курулушу башталды. Спорт зал бардык шарты, жуунучу жайлары менен салынат,”- деп билдирди Бекмуратов.

Бул спорт залга жалпысынан 14 миллион сом бөлүнгөнүн Баймурат Бекмуратов билдирди.
“Бул депутататын кичине салымы, чоң салымы деп эсептебейм, он төрт миллион сомдук имаратты баштап отурат. Азыркы учурда бул капиталдык салымдан он төрт миллиондук өтө чоң жумуш. Бул өзүбүздүн акчабыздан эмес, бардыгы өкмөттүн эсебине курулуп жатат. Көлөмү кудай буюрса мектептен да чоң болот деген ишеничтебиз,”- деп кошмчалады Баймурат Бекмуратов.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Исаев элге жана Sumbulafm.kloop.kgге төмөнкүлөрдү билдирди.
“Жыйырма эки жылдан бери бир топ жетекчилер келип, канча адам элдин кулагына камырларды илген. Бирок эч нерсе болгон эмес. Депутат деген көп сүйлөбөш керек туугандар. Элдин башын айландырган адам эч нерсе кылбайт. Депутат азыраак сүйлөп туруп ишти кылыш керек. Кызматтагылар дагы аз сүйлөш керек. Ал иши менен көрүнүш керек.
Ошон үчүн мен сиздерге аны кылыберем, тигини жасап берем деп эч качан айтпайм,”- деп билдирди Жусубали Исаев.

Исаев СДПК партиясын кылган жумуштарын менен токтолуп кетти.
“Президентибиз Алмазбек Атамбаев баш болгон партиябыз, бийликке келгенден бери Баткенге отуз бир мектепти түптөдүк. Союзда бул болбогон нерсе. Ошонун он экиси ишке кирди. Ичинде Лейлекте сиздердин Манас, Боронбаев жана Дархум айылындагы мектеп ишке кирди. Быйылда бир канча мектептерди куруудабыз. Бул сиздерге жардам,”- деп кошумчалады.
Даярдаган: Камбар Асан уулу