
Сулукту шаарынын аймагы боюнча автомобиль жолдорун капиталдык ремонттоо жана жаны асфальт тошоо иштери быйыл да улантылат. Мындай кубанычтуу кабарды уккандан кийин окурмандарыбызга кабарлап, туура маалымат беруу учун маек алдык:

«Бугунку кундо Сулукту шаардык Кенешинин копчулук башкаруучу фракциясын тузгон «Бутун Кыргызстан» фракциясынын торт жыл мурда шайлоочуларыбызга берген негизги убадабыздын бири шаардын автоунаа жолдорун ондоо болчу. Мен ойлоймун биз убадабызды ашыгы менен аткардык. Эми озу эле ушундай болуп калгандай сезилсе керек бирок аткаруу бир топ туйушуктуу болду. Биринчиден биз сунуштаган шаарыбыздын мэри А.А. Ибрагимов кесиби жол куруу боюнча инженер, тажрыйбасы да мол. Андан сырткары жол ондоо иштеринде шахтасы бар шаардык Кенештин депутаттары асфальттын транспорт чыгымын моюнга алып, оз каражатыбыз менен ташып жеткирип берип жаттык. Максатыбыз арткан суммага кошумча асфальт сатып алып кобуроок жерди асфальтоо, тез оз убагында бутуруу. Андан сырткары кайсыл айыл арыз менен биздин фракцияга кайрылып кочолоруно шагал кум аралашмасын тошоп берууну суранса баарына тогуп бердик. Бугунку куну да улантып жатабыз. Май айы ичинде Т. Рустамов айылынын жолуна шагал кум аралашмасын тошоп берууну баштадык»- дейт шаардык Кенештин копчулукту тузгон «Бутун Кыргызстан» фракциясынын лидери, «Кызыл-Булак» шахтасынын директору Исманали Джумабаевич Карабаев.

«Албетте шаардын ички жолдорун ондоо биздин биринчи инфраструктуралык пландарыбыздын бири. Ошондуктан мен Мэр болуп келгенден бери эле жылда автоунаа жолдорун ремонттоо иштерин жургузуп келе жатабыз. Мени колдогон, туура тушунгон, Эл менен тыгыз иштеген депуттаттаргы ыракмат. Бирок башында депутаттарыбыздын ичинен Жол ондоочу грейдер алуу сунушун бергендер да бар эле. Бул маселени АРИСтин колдоосу менен чечкенбиз. Азыр орто салмактагы грейдер жана жол жууп тазалоочу камаз унаалары иштеп жатат. Быйыл ремонттоло турган жол боюнча кыскача айтсам ал Кошбулак аймактык башкармалыгында жургузулмокчу. Долбоор- «№4-орто мектебине кетуучу жолду капиталдык ремонттоо»- деп аталат. Толугураак маалыматты долбоордун автору Бакытбек Эркинович Сапаркуловдон алсанар болот. Азырынча тендер ото элек ошондуктан мен кийинчерээк толук маалымат берейин»- дейт Сулукту шаарынын Мэри Абдузакир Арзыбаевич Ибрагимов.

Кабарчы: Ю. Юсупова