Ноокат районунун Жаңы-Базар айылында жаңы ашкана ачылды. Ачылганына аз убакыт болсо да, кардарлары көп экенин айтат ашкананын ээси.
Самсаканада жалпы үч кызматкер бар. Алардын айлык акысы иштегенине жараша төлөнөт.
Тамактардан болсо лагман, курут, шорпо, шашлык, самса. Иштөө убактысы саат 8:00дөн 18:00гө чейин.
Ашкананын ээси Гүлзамира Ташматова күнүнө 70-80 самса жабылаарын айтат.
«Өзүбүзгө караганда элге көбүрөөк пайда болуп жатат. Элдер ыраазы болуда», — дейт ал.
Даярдаган: Айчүрөк Куватали кызы
Сынак үчүн
АК